Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Орусиянын бир катар шаарларында пенсионерлердин нааразылык акциясы уланды


Орусиянын каржы министри Алексей Кудрин өкмөттүн жеңилдиктерди акча түрүндө төлөп берүү боюнча киргизип жаткан реформасына каршы болуп көчөгө чыгып жаткан пенсионерлер бир ууч эле топтун кызыкчылыгын билдирет деди. Анын айтымында нааразылык акциясына чыгып жаткандар экономикага чоң зыян алып келип жатышат:

– Үнүбүз угулсун деп көчөнү жаап, унаа каттамдарын токтотуп жаткандар транспорт ишканаларынын эле эмес, түпкүлүгүндө ошол облустардын экономикасына чоң сокку уруп жатышат. Нааразылык көрсөтүү мыйзамдын чегинде бөлүнүп берилген жерлерде, аянттарда өтүүгө тийиш. Бирок алардын жолду жапканы туура эмес.

19-январда да Орусиянын Тольяти, Казан, Самара, Чита сыяктуу бир катар шаарларында пенсионерлердин нааразылык акциялары уланды.

XS
SM
MD
LG