Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

Сенаттын комитети Кондализа Райсты мамлекеттик катчылыкка бекитти


19-январда Кошмо Штаттарынын сенатынын тышкы иштер боюнча комитети президент Жорж Буш тарабынан Американын мамлекеттик катчылыгына көргөзүлүп жаткан Кондализа Райсты бекитип берди.

Өзүнүн жоопторунун биринде Райс Иракка байланыштуу Вашингтондун айрым иштеринде чекилик кеткенин мойнуна алды. Бирок ал Саддам Хусейндин кулатылышы баары бир Ирак үчүн, көңкү дүйнө үчүн жакшы болду деп билдирди. Буга чейинки жоопторунун биринде Райс 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуялардан кийин Кошмо Штаттарынын жүргүзгөн тышкы саясаты туура эле болгон деген пикирин айткан:

Ушул тапта дагы дүйнөдө тирандар аз эмес. Америка ар кайсы континенттеги Куба, Бирма, Түндүк Корея, Иран, Белорус жана Зимбабведеги режимдердин элди эзип жатканын көтөрүүгө туура келип жатат.

Райсттын кошумчалаганына караганда Жорж Буштун президенттик экинчи мөөнөтү учурунда Вашингтон өзүнүн өнөктөрү менен тыгыз кызматташат жана Жакынкы Чыгышта демократиялык реформаларды колдоого алууну улантат.

Эгер бейшембиде сенаттын жалпы колдоосуна ээ болсо Кондализа Райс отставкага кетип жаткан Колин Пауэллди алмаштырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG