Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

ТҮРКМӨНСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ АДИСТЕРДИН КӨЗ КАРАШЫНДА


Кубат Оторбаев, Прага Жаңы жыл алдында элге кайрылуусунда Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов 2004-жылы өлкөнүн ички дүң продуктысы 21 процентке өскөндүгүн сыймык менен айтты. Ал эми Эларалык валюта фонду декабрда жарыялаган документинде өткөн жылы Өзбекстандын экономикасы 7 процентке жакшырганын маалымдады. Бул көрсөткүчтөр өтө чоң өсүштү айтып турат. Бирок чындыгында эле кызыл камчы режимдер өкүм сүргөн бул мамлекеттерде ушундай майкөл-сүткөл болуп жатабы? Анда эмнеге карапайым калк катуу каржалууда?

Түркмөнстан Борбор Азия мамлекеттери арасынан биринчи болуп өзүнүн экономикалык жетишкендиктерин жар салды. Анын үстүнө Түркмөнстан эконикалык жаратмандагы жагынан, эгер бул өлкөнүн статистикалык маалыматтарына ишене турган болсок, мурдагы советтик республикалардын бирин дагы өзүнө караандатпай, 20 проценттен ашык өсүштү камсыз кылды.

Бирок көзкарандысыз эксперттер Түркмөнстандын мындай маалыматтары турмуштан алыс деп эсептешет. Алардын бири - Анна Уэлке айым. Ал - кеңсеси Лондондо жайгашкан Экономикалык орток маалымат уюмунун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперти:

– Түркмөн өкмөтү 20 проценттик өсүштү камсыз кылууну мурдатан эле талап кылып келген. Бирок экономиканын ар башка тармактарынан алынган маалыматтар көрсөткөндөй өсүш мынчалык чоң болгон жок. Мисалы, газ өнөр жайы өткөн 2004-жылдын деңгээлине чыгалбады. Ал эми газ өнөр жайы болсо өлкө экономикасынын 60 процентин камсыз кылат. Ошол себептен жалпы өсүш анчалык мыкты болду деген маалыматтар жалган.

Анна Уэлке айымдын кошумчалаганына караганда ал иштеген уюмдун эсептөөлөрү боюнча Түркмөнстанда өсүш өткөн жылы 7 проценттин айланасында болду. Ошого карабай бул – жалпы Шериктеш мамлекеттер аймагында камсыз кылынган жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Маалыматтарга караганда ал Казакстанда - 9,3 процент, Орусияда 7 проценттин айланасында.

Түркмөнстан боюнча маалыматтардынкарама-каршы чыгып жатышында таңгалычтуу деле эч нерсе жок. Анткени ырасмий Ашхабат дагы Өзбекстан сыяктуу эле өз маалыматтарын эларалык коомчулук менен бөлүшүп туруудан баш тартып келатат.

Өзбекстан азырынча өзүнүн экономикалык көрсөткүчтөр боюнча жыйынтыктарын жарыялай элек. Бирок Эларалык валюта фонду бул өлкөнүн 2004-жылдагы ички дүң продуктысы 7 процентке жогорулады деген маалымат таратты. Анна Уэлкенин айтымында Лондондогу ал иштеген Экономикалык орток маалымат уюмунун эсептөөлөрү боюнча Өзбекстанда ал көрсөткүч 3 проценттин гана айланасында:

Албетте индустриалдык сектор сумдун долларга алмашуу курсунан утушка ээ болушу ыктымал. Экспорт болсо алтынга жана газга баалардын өсүшүнүн эсебинен жогорулады. Ошентип Өзбекстандын көрсөткүчтөрү Түркмөнстандыкына караганда алдаганча турмушка жакын болуп жатат.

Отабек Бакиров - өзбекстандык көзкарандысыз экономист. Ал өкмөттүн экономикалык саясатын сынга алды:

- Тандап мамиле кылуу саясаты дагы эле уланып жатат. Өзбекстанда экономиканын баардык катышуучуларына бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүлбөйт, өкмөт тандаган гана оюнчуларга жол ачык. 1930-жылдарда Советтер Союзун башкарган Иосиф Сталинге окшоп өнөр жайын айыл чарбасынын эсебинен жасалма жол менен колдоп жатышат. Биз ушундай кырдаалда жашайбыз. Чиновниктерге болсо баары бир.

Отабек Бакировдун айтымында Түркмөнстанда дагы, Өзбекстанда дагы башында президент турган борбордук экономикалык система өкүм сүрөт жана бул эки өлкө экономикалык эркиндикти өтө чектеген мамлекеттердин алдыңкы катарында турушат.

Анна Уэлкенин пикири боюнча Түркмөнстан менен Өзбекстан өзүнүн жаратылыш байлыктарынын молдугуна карабай коңшу Казакстан менен Кыргызстанга караганда түз инвестицияны аз тартышкан.

Бул эки өлкөдө элдин жашоо-турмушу да оор бойдон калууда. Эгемендиктин алгачкы жылдарында Түркмөнстан газды, электр энергияны жана тузду калкка бекер бере баштаган. Азыр чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Худайберди Оразов бир кезде Түркмөнстандын Улуттук банкын башкарган. Анын айтымында андай жеңилдиктер бийликтин популисттик кадамдары болчу жана ал өзүн эч убакта экономикалык жактан актаган эмес. Оразовдун айтымында өлкө рынок экономикасынын шартына өткөндө гана элдин жашоо-турмушу чындап жакшырышы ыктымал.

Анна Уэлкенин айтымында болсо Өзбекстандагы өсүш мамлекетти байытып жатканы менен карапайым элдин абалы күндөн-күнгө оорлоп баратат. Өзбекстандык эксперт Отабек Бакиров өкмөт рынок экономикасынын эрежелерин кармап, баардык оюнчуларга бирдей шарт түзгөндө гана элдин жашоосу оңолот деген ишенимде.
XS
SM
MD
LG