Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

БИШКЕКТЕ 400дөй АДАМ КАТЫШКАН МИТИНГ ӨТТҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 19-январда Бишкекте төрт жүздөн ашуун адам митингге чыкты. Алар аткаруу бийлиги ар кандай жолдор менен мурдагы элчилерди жана оппозиция өкүлдөрүн шайлоого катыштырбоого аракет кылып, бут тосуп жатат деп нааразылык билдиришти. Ошондой эле алар 2-февралдан баштап Аскар Акаевди бийликтен кетирүү боюнча өлкөнүн бардык аймактарында кол топтоо баштала тургандыгын жарыялашты.

Митинг “Атажурт”, Кыргызстан элдик кыймылы, Элдик конгресс, Адилет шайлоо өткөрүү биримдиги, “Жаңы багыт” саясий кыймылдары тарабынан уюштурулду.

Нааразылык акциясынын катышуучулары Аскар Акаев өлкөнү башкарган он жылдан ашуун мезгилде Кыргызстандын 130 миң гектардан ашуун жери башка өлкөгө берилип, тонналаган алтыны жең ичинен сатылып, эли атылып, өлкө байлыгы мамлекет башчынын үй-бүлөө мүчөлөрү баш болгон айрым аткаруу бийлик өкүлдөрү тарабынан таланып-тонолуп жатат деген сыяктуу өз нааразылыктарын билдиришти.

Ошондой эле алар Аскар Акаев жетектеген аткаруу бийлиги мына ошол элдин ырыскысынан куралган байлыгын коргоп калуу үчүн ар кандай жолдор менен бийликте калуу аракетин жасап, парламентке оппозициянын өкүлдөрүн өткөрбөөгө аракет жасап жатат деген ойлорун айтышты:

-Азыркы бийлик мындан он жыл илгери кокусунан мамлекет башчылыгына келип калган. Азыр ал ар кандай жолдор менен өз бийлигин сактап калууга аракет жасап жатат. Биз бул бийликти өлкөдө коррупцияланган, бюрократиялык системаны түзгөндүгү үчүн айыптайбыз,-деди Кыргызстандын мурдагы элчиси Роза Отунбаев.

Ал эми Кыргызстандын мурдагы Билим берүү министри Ишенгүл Болжурова президентке ишеним азайганын айтты:

- Акаев Конституциянын гаранты жана өлкө президенти боло албай калды. Жоопкерчиликтүү мезгилде ал өлкөдөгү жердешчиликти күчөтүп, бир урууну экинчисине, бир улутту башкасына каршы коюуда.

Бул сөзүнө мисал катары Ишенгүл Болжурова мындан бир нече күн илгери Жогорку Кеңештин алдына аткаруу бийлиги тарабынан жасалма пикет уюштурулганда ич ара кагылышуу чыгып кете жаздаганын келтирди.

Митингде сөз сүйлөгөн “Эркиндик” партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев болсо “Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа кыймылы” 2-февралдан баштап өлкөнүн бардык областарында президенттин бийликтен кетишин каалаган атуулдардын колун топтой тургандыгын айтты:

- Акаев жана Танаев баштаган бийлик өкүлдөрү күндөн-күнгө өлкөдө саясий кырдаалды курчутуп баратканы үчүн, алар биздин эң атактуу уул, кыздарыбыздын шайлоого катышуусуна бут тосуп жаткандыгына байланыштуу 2-февралдан баштап өлкө боюнча Акаевди бийликтен кетсин деген атуулдардын колун топтойбуз.

Бул күнкү митингге элге таанымал бир катар саясатчылар , депутаттар катышышты. Алар 2-февралга чейин үгүт иштерине тыюу салынгандыктан сөз сүйлөшкөн жок.

Митингде ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова, “Эр айым” аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракия Жусупова жана башкалар сөз сүйлөштү. Белгилүү обончу Сагынбек Момбеков комуз менен ырдады:

- Билбейм, элдин шорубу же кутубу,
Жон жукарса той көбөйөт утуру.
Малайлыкка жалданышып кетишти,
Баягы эле кембагалдар тукуму.


Андан соң минтигдин катышуучулары Максим Горькийдин эстелиги турган жерден Акүй аркылуу Алатоо аянты менен Жогоку Кеңештин имаратынын алдына чейин жөө жүрүш жасашты.

Алар жолду ката "Аскар Акаев кызматтан кетсин!" "үй-бүлөөлүк бийлик кетсин!" деп кыйкырып барышты.

Митингге катышуучуларды милициянын көптөгөн кызматкерлери коштоп жүрүштү. Бул күнү алар нааразылык акцияларынынын катышуучуларына каршы күч колдонушкан жок.

Нааразылык акциясына катышкандар тууралуу Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары Петр Тяблин мындай оюн билдирди:

- Эгерде кимдир бирөө башка бирөөлөрдүн укугун бузса, бул коомдук тартипти бузду дегендикке жатат. Бул жолу пикетчилер жолду тосушуп, айдоочулардын укугун бузушту. Мындай аракеттер Административдик кодекс менен алдын алынат. Биздин милдет - пикетчилердин аракетин документтештирүү. Алардын иши сотто каралышы керек.

Ал эми митингдин катышуучулары эгерде Аскар Акаев башында турган бийлик жакынкы күндөрү мурдагы элчилерди шайлоого катыштырбаса, оппозициячыл маанайдагы саясатчыларга каршы аракеттерин токтотпосо мындан да көп адам катышкан нааразылык акцияларын уюштураарын эскертип, үйлөрүнө тарашты.

Сүрөттө: 19-январдагы митингден көрүнүш.

XS
SM
MD
LG