Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Коммунисттик түзүлүш ураган соң мурдагы Советтер союзунун аймагында жашаган карапайым мусулмандар үчүн ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгү кеңейгени белгилүү. Бирок муну менен катар эле ажылык зыяратты уюштургандар арасындагы коррупцияга, нарктын кымбаттыгына байланышкан даттануулар айтылып жүрөт. Буга окшогон көрүнүштөр дүйнөнүн башка мусулман өлкөлөрүнөн да кездешет.

Кабул шаарынын аба майданында өткөн аптада оогандардын тобу Сауд Аравияга жөнөй албай турушту. Зыяратчылар аэропорттун кызматкерлерин аларды учакка түшүрүү үчүн пара сураганы үчүн айыпташты. Кабулдун бийликтери, албетте, муну төгүндөштү. Алардын айтымында, мындай кырдаал Ооганстандын ажылык боюнча министрлиги менен жергиликтүү "Ариана" авиакомпаниясы ортосундагы координациянын начардыгынан улам жаралган.

Пара жөнүндөгү даттануулар быйыл Өзбекстандан да болду. Кээ бир мусулмандардын айтымында, өлкөнүн дин боюнча мекемесинин адамдары зыяратчылардын тизмесине киргизүү үчүн алардан 500 долларга чейин пара сурашкан.

Мурдагы советтик республикалардын көпчүлүгүндө зыяратка баруучулар өкмөттүк уюмдар тарабынан иргелет, ажылык сапарды уюштуруучу саякат агенттиктери өкмөттөн лицензия алышы абзел. Буга кошумча Сауд Арабия да уюштуруу, коопсуздук жүйөөсүнөн улам зыяратчылардын санын чектеп турат.

Маселен Өзбекстанда ажылыкка барууга быйыл 6000 адам арыз берген, бирок алардын 4200гана виза алды. Өзбекстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү Шухрат Исмаилов пара жөнүндөгү айыптоолорду четке кагат:

- Ажылык маселесинде мындай иштер болбойт. Адамдар бул жөнүндө кеп кылышы мүмкүн, бирок ажылык – улуу ибадат. Мусулман пендеси катары биз да адамдарга жардам берүү үчүн колдон келгенди жазап жатабыз. Биз алардан акча алган жокпуз. Мындай нерселер исламга туура келбейт.

Азербайжан болсо быйыл Саудиянын бийликтеринен 8000 зыяратчыга уруксат алган эле. Бирок зыяратка болгону 3000 гана адам жол тартты. Постсоветтик өлкөлөрдөгү дин эркиндиги маселесине адистешкен журналист Феликс Корлейдин айтымында, мындагы негизги себеп - нарктын кыбаттыгы:

- Азербайжанда бааны көзөмөлдөө боюнча көп карама- каршылыктар болду. Ажылыкты уюштурууга мүмкүнчүлүгү бар бир нече компаниянын ырастоосунда, 1200 доллардын тегерегиндеги быйылкы баа эгер атаандаштыкка жол ачылса төмөндөмөк. Жалпысынан баа өтө эле кымбат, андыктан орун көп болгондуктан билет алуу үчүн бул жерде пара берүүнүн кажети жок.

Ажылык үчүн азербайжандык зыяратчылар төлөгөн акча Борбор Азиядан Кыргызстандын баасына жакыныраак. Кыргызстандык зыяратчылардын учак менен жол тарткандары жолдун багытына жараша 1200 – 1600, ал эми автобус менен жол тарткандарга 800 доллардан төлөөгө туура келди. Ал эми Тажикстанда Кыргызстандан бир аз кымбатыраак - 1800- 2000 доллардын тегерегинде болду.

Казакстанда болсо ажылык зыяратты уюштургандардын бири – “Спутник» саякат агенттиги бааны 310 миң теңгеге же 2600 долларга чейин чыгарган. Агенттиктин өкүлү Амангелди Ермегиаев анын себебин мындайча түшүндүрөт:

- Буга баары: тамак, транспорт, учактын барып – келүү билети кирет. Курбандын баасы - 100 доллар гана кошулбайт. Ал акчаны ар бир ажы өз эрки менен төлөшү керек.

КМШ өлкөлөрүнөн учак менен барган зыяратчылар үчүн эң эле арзан баа Орусияныкы болду окшойт. Орусиялык мусулмандарга 1000 доллардын тегерегинде төлөөгө туура келди. Бирок баанын кымбаттыгына алар да даттанышат. Магомед Расул Мажумаев "Шарияттагы адам укуктары" деген китептин автору, ислам дини боюнча белгилүү окумуштуу:

- Даттануулар болду. Ингушетиядан, Дагестандан адамдар даттанышты. Алар дин башкармалыгы бизди тоношууда дешет. Дин башкармалыгындагылардан сурасаң жогор жактан көрсөтүлгөн бааны коюп жатканын айтышат. Бирок актоого болбойт. Ислам тоноого тыюу салат. Бул - жогорулатылган баа. Адамдар кандайдыр бир көз бойомочулуктарга барышы мүмкүн. Орусия федерациясынын жарандары үчүн 1000 долларды топтоо жеңил эмес.

Түркмөнстандан болсо өкмөт иргеген 188 адам гана жөнөтүлдү. Алар үчүн ажылык рухий гана эмес каржылык жактан да пайдалуу. Себеби зыяратчыларга өлкөдө белгиленген расмий курс боюнча 1100 доллар сатып алууга уруксат берилет. Доллардын улуттук валюта - манатка карата курсу базарда расмийден бир топ жогору.

Кээ бир мусулман өлкөлөрүнүн өкмөттөрү ажылык учурундагы коррупцияга каршы чараларды көрүүдө. "Жакарта Пост" гезитинин өткөн аптада жазганына караганда, Индонезиянын өкмөтү атайын акча ажырытып, зыяратчылардын укуктары бузулбаш үчүн аларды коштоп жүрүүчү юристтерди жалдаган.

Индонезияда зыяратка баргысы келгендер акчасын бир жыл мурда төлөшү керек. Алар ажылыкты уюштургандар ошол күн мурунтан төлөнгөн акчаларды банкка салып, бир топ пайда көрүп жатканына даттанып жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG