Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

20-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Өлкөдөгү гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 20-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын айрым жерлерине кар жаайт. Калган аймактарда кар жаашы күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ТАЛАС өрөөнүндө түнкүсүн -8..-13 градус суук, күндүз +1...+6 градус жылуу.
ЧҮЙДӨ түнкүсүн -3...-8 градуска, түндүк тарабы -8ден ...-13 градуска чейин суук болот, күндүз +2...+7 градус жылуу.
Ал эми республиканын ОШ, ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН аймактарында түнкүсүн -3...-8 градус суук болсо, күндүз +1ден...+6 градуска жылыйт.
КӨЛ кылаасында түнкүсүн -9...-14 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн -21..-26, күндүз -3...-8 градус суук.
БИШКЕК шаарында күн ачык болуп, батыш тараптан сыдырым жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7 градус суук, күндүз +4...+6 градус жылуу болушу күтүлөт.

Жаңылыктар топтомун Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Султан Раев

XS
SM
MD
LG