Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Белгилүү журналист Болотбек Марипов каттоодон өтпөй калды


БИШКЕК.19-январда белгилүү журналист, «Ощественный рейтинг» жана “Аналитика” гезитинин кызматкери Болотбек Мариповдун парламенттик шайлоого талапкер катары каттоого арызы №1Университет шайлоо окуругунун шайлоо комиссиясы тарабынан канагатандырылган жок. Округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы Инна Ким жана комиссиянын 13 мүчөсү Болотбек Мариповдун паспорту 2003-жылдын февраль айынан сентябрь айына чейин каттоодо турбагандыгына байланыштуу шайлоо Кодексинин талаптарына жооп бербестигин билдиришкен. Ал эми Мариповдун адвокаттары анын паспорту 7 ай каттоодо турбаганы менен Бишкектен эч жака кетпестен жашап жана иштеген документтерин комиссия мүчөлөрүнө далилдеген. Бирок шайлоо комиссиясы Мариповду каттоодон баш тартышкан.
Ал эми Бермет Акаева, Кунай Шеримкулов жана №17 орто мектептин директору Наталья Щербакова №1Университет шайлоо окуругуна депутаттыкка талапкердикке каттоо боюнча документтерин тапшырышкан.

XS
SM
MD
LG