Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Парлменттик шайлоого Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү атуулдары да катышат


БИШКЕК. Кыргызстанда боло турган парламенттик шайлоо күнү дүйнө боюнча Кыргызстандын 26 консулдук округдарда шайлоо участкалары болот. Бул тууралуу 19-январда тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматы боюнча чет өлкөлөрдөгү консулдук округдарда консулдуктарда жана элчиликтерде катталган кыргызстандыктар гана добуш берүүгө укуктуу. Россия менен Казакстандын аймагында Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу беш консулдук округ түзүлөт. Бул өлкөлөрдөгү элчилик, консулдуктарда учурда Кыргызстандын 2700 атуулу катталган. Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Миграция боюнча Департаментинин жетекчиси Зафар Хакимовдун маалыматына ылайык, учурда Россия менен Казакстанда эле 200 миңге жакын катталбаган кыргызстандык атуул бар. Бирок, эгерде алардын паспортторунда чет өлкөгө чыгууга уруксат берген баракчасы ачылса, алар добуш берүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG