Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Жогорку Кеңеште элчилерге байланыштуу мыйзам кайрадан каралат


БИШКЕК. 20-январда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында Кыргызстандын мурдагы элчилеринин парламенттик шайлоого катышуусуна шарт түзүү максаты менен даярдалган мыйзам долбоору кайрадан каралышы мүмкүн. Бул туураалуу 19-январда палатанын Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Азимбек Бекназаров “Азаттыка” билдирди. Палатанын регламентине ылайык, көпчүлүк добуш менен өтпөй калган мыйзам долбоорун кайра кароо сунушун палатанын 31 депутаты колдосо, мыйзам долбоору кайрадан каралып, добушка коюлат. Эгерде депутаттардын колдоосуна мындай сунуш ээ болбой калса, мыйзам долбоору 6 ай мөөнөттөн киийн гана палатада каралат. 18-январда паралменттин депутаттыгына талапкер катары катышууга беш жылдык чектөө, мамлекеттик кызматкерлер менен бирге эле дипломаттарга, консулдуктардын кызматкерлерине жана Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы өкүлдөрүнө тиешеси жок деген норманын киргизилиши каралган бул мыйзамды колдоп, 29 депутат гана добуш берди.

XS
SM
MD
LG