Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Ак үйдүн жанында да нааразылык акциясы уланды


БИШКЕК. 19-январда жеке ишкер Андрейдин Дигтярдын 10 чамаалаш жактоочулары Ак үйдүн жанына пикетке чыгышты. Алар Бишкек мэриясына караштуу декоративдик багбанчылык совхоз менен талаштуу маселени чечип берүүнү жана асыл тукум жылкы чарбасын, 350 миң сом сарп кылып курган атканасын кайтарып берүүнү Бишкек шаардык мэриясынан талап кылышты. Нааразылык акциясына чыккандар президенттин, коомчулуктун көңүлүн бөлүүнү максат кылышканын билдиришти. Ушул эле күнү Коргоо министрлигинин кызматкери Болот Казакбаевдин жубайы Гүлнара Абдымомунова төрт баласы менен Ак үйдүн алдына пикетке чыкты. Абдымомунованын айтымында, жолдошу Болот Казакбаев Москвадагы аскердик академияны бүтүрүп келгенден кийин, 4 жылга жакын Коргоо министрлиги тарабынан кызматка алынбаган. Баткен коогалаңында куралчандарга каршы күрөшкөн Казакбаев 30 жылга жакын Коргоо министрлигинде кызмат өтөсө да мамлекет тарабынан кызматтык үй берилбей, аскердик чини подполковниктен жогорулаган эмес.

XS
SM
MD
LG