Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

СЕНАТТЫН ТЫШКЫ ИШТЕР БОЮНЧА КОМИТЕТИ КОНДОЛИЗА РАЙСТЫ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫЛЫККА БЕКИТТИ


Кубат Оторбаев, Прага 19-январда Сенаттын тышкы иштер боюнча комитети Кондолиза Райсты Кошмо Штаттарынын мамлекетти катчылыгына бекитти. Эми Райс айым Сенаттын толук колдоосуна ээ болууга тийиш. Эки күнгө созулган талкуу учурунда баардык эле сенаторлор мамлекеттик катчылыкка Кондолиза Райстын келишин туура көрбөй тургандыгы билинди.

Мындай чечимге сенаттын тышкы иштер боюнча комитети эки күндүк талкуудан кийин келди. Комитетке мүчө 18 сенатордун экөө - Жон Керри менен Барбара Боксер Кондолиза Райска каршы добуш бергени менен, калган 16 сенатор аны мамлекеттик катчылыкка татыктуу деп эсептешти. Эми Райс айым бейшембиде Сенаттын жалпы колдоосун алууга тийиш.

Ал сенаторлордун бир топ эле кычыктуу суроолоруна жооп берүүгө аргасыз болду. Өзгөчө “Иракка жана Ооганстанга аскерлердин киргизилиши туура болгонбу?” деген өңдүү талылуу таклиптерге такалбай эле жооп берип жаткан. Ошентсе да ал бир ирет чындыгында эле Ирак маселесинде Ак үй алаңгазар иштерге жол берип койгонун моюнга алды:

– Ийгиликтүү, а кээде оңунан чыкпай калган көп чечимдерди кабыл алганыбызды мен моюнга алгым келет. Ошентсе да мындан ары күндөлүк турмушта учурап жаткан проблемаларга көңүл бурабыз го деген ишенимдемин.

Райстын пикиринде эми Кошмо Штаттары өзүнүн тарыхый өнөктөштөрү менен суу бараткан ымаласын чыңдап, ысык мамилени түзгөнгө көп көңүл бурат.

Добуш берер алдында Кондолиза Райс менен демократ-сенатор Барбара Боксердун ортосундагы суроо-жооп кайым айтышка айланып кетти. Барбара айым Жорж Буштун Иракка согуш ачышын кандай болбосун актап-жактоого аракет кылып жатасыз деп Кондолиза Райсты айыптап, сизге мен өз добушумду бербейм деп ачык эле айтты. Ага президенттикке ат салышып, утулуп калган демократ-сенатор Жон Керри да шыкакчы болуп, Жорж Буштун 11-сентябрдан кийинки тышкы саясатындагы кемчиликтерди жабыш үчүн Райс мамлекеттик катчылыкка көрсөтүлүп жатат деп билдирди.

Бирок комитеттин төрагасы, республикачыл Ричард Лугар Райстын талапкерлиги мамлекеттик катчылыкка туура тандалганын, насилинде ал эмгекчил жана кош партиялуулукту жактаган саясатчы экенин эске салды.

Эми бейшембиде Кондолиза айым жалпы сенаттын элегинен өтүүгө тийиш. Эгер ал бекитилсе Кошмо Штаттарынын тарыхында бул жооптуу кызматты аркалаган биринчи ындыкара аял болуп калмакчы. Кызматтан кетип жаткан Колин Пауэлл болсо шаршембиде мамлекеттик департаменттин жамааты менен коштошуп жатып, Кондолиза Райсты жакшы адам катары чыныгы лидер болоорунан күмөн санабай турганын билдирди.
XS
SM
MD
LG