Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛЧИЛЕРГЕ БАЙЛАНЫШТУУ ТҮЗҮЛГӨН КЫРДААЛГА ТЫШТАН КӨЗ КАРАШ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары Кыргызстандын мурдакы элчилери Медеткан Шеримкулов, Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абыловдун 27-февралда болчу парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкер катары катталбай калышына байланыштуу чет өлкөлүк айрым эксперттерге кайрылдык. Бул маселе КМШ өлкөлөрүндө кандай чечилген? Биздин суроолорубузга Москвадагы Карнеги фондунун эксперти, профессор Алексей Малашенко жана Армения менен Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын жооптуу кызматкерлери түшүндүрмө беришти. Алгачкы сурообуз Алексей Малашенкого жолдонду.

“Азаттык”: - Алексей, менин биринчи суроом мындай: БШК Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга шылтап, мурдакы айрым элчилерди, анын ичинде Кыргыз парламентинин мурдакы төрагасы, Түркиядагы мурдакы элчи Медеткан Шеримкуловду, мурдакы тышкы иштер министри, Улуу Британия жана АКШдагы мурдакы элчи Роза Отунбаеваны парламенттик шайлоого талапкер катары каттабай койду. Бийликтер эмне үчүн алардын шайлоого катышуусунан коркту?

А. Малашенко: - Элчилер элге бир кыйла белгилүү инсандар. Алар болгондо да өлкө коомчулугуна жана элитага да таанымал. Андан тышкары, аларды республикадан сырт жактарда, Борбор Азияда эле эмес, бүтүн дүйнөдө да таанып-урматташат. Мисалы, Роза Отунбаеванын Улуу Британияда жана Кошмо Штаттарда элчи болуп иштегенин айтсак жетиштүү го дейм. Отунбаева сырт өлкөдө Кыргызстан үчүн өтө көп жумуш жасады. Мырза Акаевдин азыр жасап жаткан иштерин мен жөнөкөй эле коркоктук деп ойлойм. Бул бир жагынан. Аны комментариялоонун өзгөчө зарылдыгы жок. Себеби бул тууралуу элдин баары сөз кылып жатат.

Мен ошон үчүн дипломаттарды шайлоодон четтетүүнүн технологиясына гана токтолойун. Мен өзүм Москвада жашайм, ошондон улам Россиянын бул жааттагы тажрыйбасын жетерлик жакшы билем. Кыргыз бийликтери азыр жасаган иштер Чеченстанда президенттик шайлооо алдында көрүлгөн иш чараларга аябай окшоп кетет. Чеченстанда да жалпы эл болбосо да, элдин негизги бөлүгү ишенген талапкерлер шайлоодон четтетилип, ага катыштырылган эмес. Россиянын мындай тажрыйбасын Борбор Азия өлкөлөрүнүн айрым жетекчилери, анын ичинде урматтуу Акаев мырза да көз жаздымда калтырбаптыр.

“Азаттык”: - Сиз эмне, президент Акаев бийликтен кеткенден коркот деп ойлойсузбу? Ал мурда бийликтен кетемин деп айтпады беле? Же ал үй-бүлөсү менен тегерегиндеги адамдардын камын көрүп жатабы?


А. Малашенко: - Менин оюмча, бул жалпы тенденция. Бийликти өткөрүп берүүдөн коркуу постсоветтик мамлекеттердин дээрлик баарына мүнөздүү. Бул Россияга, Белоруска ( аны дагы көрө жатарбыз), Азербайжанга, Казакстанга, Өзбекстанга таандык көрүнүш. Түркмөнбашы тууралуу кеп кылбаса да болот. Мында эч кандай жаңы нерсе жок. Биринчиден, ким бийликте көпкө отурса, ал ордун кимдир бирөөгө ыраа көрүп, бергиси келбей калат. Бул талашсыз.

Акаев өз кезинде постсоветтик мейкиндиктеги жападан жалгыз демократ президент болгонун мойнубузга алышыбыз керек. Экинчиден, бийликте узак отурган адам, канчалык мыкты инсан болбосун, анда акырындап көптөгөн терс илдеттер пайда болот. Атап айтканда, коррупция гүлдөп, президенттин үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик бийликтин олчойгон бөлүгүн менчиктештирип алышат да, бийликке аралышып, мамлекетти жетектөөгө кийлигише баштайт. Үй-бүлө мүчөлөрү экономиканы башкарууга жутуна аралашып, өз пайдасын колдон чыгарбайт.

Ошентип, сенин бийликтен кетишиң нормалдуу мамлекеттин президентинин бийликтен кетиши эмес. Бул - сен учурунда мыйзамсыз айла-амалга таянып түзгөн системанын кыйрап, ойрону чыкканы. Демек, бир жагынан сенде бийликти жоготуу коркунучтуу болсо, экинчи жактан, сен бийликтен чындап адилет жана таза таймашта кетсең, сен курган “пирамида” кыйрап калат. Сенин үй-бүлөң да чыккан сересинен кулайт, өмүрүң, сен курган системанын ойрону чыгат. Ошон үчүн постсоветтик мейкиндикте эч бир лидер жаны ооруп кыйналбай бийликти калтыра албайт.

“Азаттык”: - Алексей, өткөн кылымдын 80-жылдарынын соңу-90-жылдардын башында коммунисттик режим таш каап кыйраган Болгария, Мажарстан жана башка өлкөлөрдө бийлик мыйзамдуу жол менен алмашып, ага жан талаша жабышкан окуялар болбоду. Ал эми ошол эле тушта бийликке келген Каримов, Назарбаев жана башка лидерлердин бийликке тырмышып жатканын кандай түшүнсө болот?

А. Малашенко: - Амирбек, маселенин баары постсоветтик өлкөлөрдө саясый маданияттын али бутуна туруп, телчиге элегинде. Украинада эрежеден тыш өзгөчө окуялар болду. Коом, менин оюмча, саясый маданияты төмөн экенин али аңдап-түшүнө элек. Бул анын күнөөсү эмес, кемчилиги. Демократия деген эмне? Граждандык коом деген эмне? Ал канчалык келечектүү жана маанилүү? Буга элдин көбү али маани бербейт. Түпкүлүгүндө, 1917-жылга чейин Россия, Украина, Белоруста коомчулук оор козголуп, саясый маданияты төмөн болгон. Мен Борбор Азияны айтпай эле койоюн. 1917-жылдан тартып совет бийлиги коомчулуктун саясатка болгон илең-салаң мамилесин дагы бекемдеп салды.

Болгарлар советтик адамдарга салыштырмалуу коммунисттик бийлик астында эки эсе аз жашаганын унутпасак. Мен постсоветтик мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан азыр баштан кечирип жаткан проблемаларды эң алды обьективдүү жагдайларга байланыштуу деп айтам. Бул - муундардын проблемасы. Кыргызстанга кайра-кайра каттап турам, ошондуктан өлкөдөгү кырдаал менен жакшы таанышмын, ага үзбөй көз салып турам. Авторитардык жана башка проблемаларга карабастан Кыргызстан жарандык коомдук калыптанышында башка көп өлкөлөргө караганда бир кыйла алга кетти.

“Азаттык”: - Аскар Акаевдин “баркыт” же “роза” революциясынын идеологиясы Кыргызстандын туруктуулугуна коркунуч туудурууда деген эскертүүсү канчалык негиздүү?

А. Малашенко: - Келиңиз, биз “баркыт революциясы”, “сары кызгылт ыңкылап” сыяктуу терминдерди колдонбойлу. Муну биз граждандык коомдун активдүүлүгүнүн бир кубаттуу шарпасы, жарандык коомдун калыптануусундагы цунами сыяктуу бир чоң толкун деп атайлы. Бул жагынан алганда Акаевдин айтканы туура. Белгилей кетейин, кеп терминология жөнүндө жүрүп жатат. Кээ бир адамдар Украинадагы окуяларды кимдир-бирөөлөр сырттан алып келген “сары кызгылт революция” дешсе, башка бирөөлөр Киевдин Майдан аянтына миңдеген адамдардын чыгышын күтүүсүз феноман катары мүнөздөшүүдө. Эгерде эч кандай капылет жагдай болбосо, бул Украинанын өнүгүшү үчүн өтө кубаттуу түрткү берет.

“Азаттык”: - Акыркы суроом: 90-жылдардын башында Советтер Союзу кыйраган кезде эски бюрократ - аткаминерлер коммунисттердин “кемесин” таштап, демократтардын тобуна кире качышкан. Азыркы кырдаалда Аскар Акаевдин чөйрөсү да аны жалгыз таштап качпайбы?

А. Малашенко: - Абдан сонун суроо болду. Менин оюмча, Акаевдин тегерегиндегилердин азыр чый-пыйы чыгып жатат. Биринчиден, анын тегерегиндегилердин бир жааты акыр аягына чейин бийликти сактап калуу үчүн күрөшөт. Себеби, алар менчиктеп алган мүлкүн коргоп калышы шарт. Экинчиден, бийликтегилердин экинчи бөлүгү болсо коңшу лагерге качып өтүшөт. Анткени, бул бийликке жармашып калуунун бирден-бир жолу болот. Үчүнчүдөн, мен башкаруучу элитаны идеалдаштарбайм. Бирок алардын ичинде Акаевдин тобуна өз ыктыяры менен эмес, кырдаалга жараша кошулуп калгандары да бар. Алар Акаев менен көптөн бери иштешип жүрөт. Алар мурдакы советтик диссиденттер сыңары ашканада отурганда Акаевди сындап-тилдеп, ага каршы ич күптүсүн чыгарышат. Бул адамдар оппозициясынын катарына чындап эле өздөрү келип кошулушу мүмкүн.

“Азаттык”: - Чоң рахмат. Суроолорго Москвадагы Карнеги фондунун эксперти, профессор Алексей Малашенко жооп берди. Бир нече жыл чет мамлекеттерде өлкөнүн кызыкчылыгын коргоп, элдин жүзү болуп жүргөн элчилерди кыргыз бийлиги Шайлоо кодексин бетке тутуп, парламенттик өнөктүккө катыштырбай коюуда. Ал эми бул маселе КМШнын башка өлкөлөрүндө кандай чечилген? Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зураб Наникашвилинин жообу мындай болду:


- Элчи өлкөнүн чет өлкөдө жүрүп иштеген жараны болгондуктан, анын республиканын жараны экени талашсыз. Ошондуктан ал парламентке жана башка бийлик органдарына шайланууга толук укуктуу. Аз эмес жылдар бою Германияда элчи болуп жүргөн Габашвили мырза Грузиянын парламентине былтыр мүчө болуп шайланды. Биздин мыйзамда республикада жашабаган жарандын парламентке шайланууга укугу жок деп жазылган. Элчинин бөтөн жерде иштегени эле болбосо, ал өлкөнүн кадыресе эле жараны.

Азаттык: - Бул маселе коңшулаш Арменияда кандай чечилди экен? Бу суроого Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Эвелина Кантарчян айым мындай түшүндүрмө берди:
-

- Биздин Шайлоо кодекси боюнча элчилер акыркы беш жылда тыш өлкөлөрдө иштеп, командировкада жүрүшсө алар Армениянын террриториясында жашады деп эсептелет. Элчиликтин имараты биздин республиканын мыйзамына ылайык Армениянын менчиги болуп саналат жана анын мыйзамдарына баш ийет. Бул маселе бизде ушундайча чечилген.

XS
SM
MD
LG