Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

ШАЙЛООГО БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР ДА ДАЯРДЫК КӨРҮП ЖАТЫШАТ


Замира Кожобаева, Бишкек. Шайлоочуларга шайлоо системасынын тартибин түшүндүрүү иштерин бейөкмөт уюмдар тарабынан да колго алынган. Алсак, «Интербилим» коомдук уюму тарабынан шайлочуулар менен түздөн-түз, алардын үйлөрүнө чейин барып, шайлоо тартибин түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Аталган уюмдун коомчулук менен иш алып баруучу координатору Елена Воронинанын айтымында айтымында калк шайлоого кайдыгер, көпчүлүк шайлоочулар өздөрү барып добуш берүүчү шайлоо участогун гана эмес, шайлоо кайсы күнү болорун да билишпейт:

Буга чейин болуп өткөн шайлоолор элдин шайлоого кайдыгер экендигин көрсөттү. Ошондуктан биз Бишкекте үч аймактын жана Ош шаарында бир аймактын шайлоочуларын атайын шайлоого даярдоо үчүн тандап алганбыз. Иш жүргүзүү убагында да бизге эл шайлоого таптакыр даяр эмес экендиктери байкалды. Ал эми бул шайлоодо айнектен жасалган үкөктөрдүн болору, бармакка боек сүртүлөрү тууралуу эч кабары жоктор да көп

-дейт Елена Воронина.

«Интербилим» коомдук уюму тарабынан иш жүргүзүлгөн мезгилде, бир топ мыйзамга туура келбеген жагдайлар учураган. Елена Воронинанын айтуусунда, шайлоо картасындагы шайлоо участоктору, шайлоочулардын тизмелери жана ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн бекитүүдөгү бир нече мыйзам бузуулар аныкталган:

Өлүү жандар көп, шайлоо картасына түшүрүлгөн, бирок өздөрү жок же болбосо капкачан эле сүрүлүп, ордуна түрдүү ишканалар түшүп калган турак-жайлар аныкталды. Биздин активисттер БШКдан алган карта боюнча дарек менен барып, эл жашаган үйдүн ордуна май куюучу станцияга же кампаларга туш болушат. Ал эми шайлоо кодекси боюнча, аймактык шайлоо комиссиясынын курамына коомдук уюмдардан, саясий партиялардан өкүлдөр жана мамлекеттик кызматкерлер кирүүсү керек. Кээ бир аймактык шайлоо комссияларынын курамы кагаз жүзүндө буга толук жооп бергени менен, чындыгында бейөкмөт жана коомдук уюмдардын атынан жазылган өкүлдөр калп жазылган. Анткени, биз фамилиясы шайлоо комиссиясынын курамында жүргөн кишилерге же уюмдарга телефон чалганыбызда андай кишилер жок болуп, алар министрликтерде же башка мамлекеттик мекемелерде иштегендер болуп чыгып жатат. Биз бул фактылар боюнча кат жазып, БШКга кайрылганбыз. Аларда да азыр иш көп болуп атса керек, жооп боло элек

-дейт Елена Воронина.
Бирок, БШК мындай фактылар жөнүндө сөздү четке какты. БШК мүчөсү Жаркын Бапанованын айтымында БШК бейөкмөт уюмдар менен биргелешип иш алып барат, ал эми мындай фактылардын үстүнөн эч кандай арыз түшкөн эмес:


Мурда болсо болгондур. Бирок бизге кандайдыр бир маалыматтар арыздар түшкөн жок. Эгер түшсө биз текшеребиз да, сиздерге маалымдайбыз

-дейт Жаркын Бапанова.
Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда ички миграциянын күчөшү да шайлоолордун айкын өтүүсүнө тоскоол болот деп эсептешет. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы учурда катталган жеринен башка жакта жүргөн атуулдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов:

Биздин уюм жаңы жерлерге көчүп барып жатышкан адамдарга шайлоого катышуу системасын түшүндүрүп жатышат. Биз аларга шайлоочулардын тизмесине кандай жол, кандай эрежелер аркылуу өздөрүнүн аты-жөнүн киргизип ала алышарын үйрөтүп атабыз

-дейт Эдил Байсалов.
Шайлоолор алдында талапкерлерди каттоо БШК тарабынан жүзөгө ашырылбай калган учурларда, шайлоодон кийин нааразылык акциялары күчөшү мүмкүн. Ошондуктан «Кылым шамы» бейөкмөт уюму шайлоочулар менен тартип коргоочулардын ортосунда кагылыштын алдын алуу максатында эркин жыйындарды өткөрүүдө адам укуктарын сактоо боюнча эки тарапка тең түшүндүрүү иштерин алып барып жатышат. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдурасулова:

Жарандардын эркин жыйындарга, нааразылык акцияларын уюштурууга болгон укугу да-таза, адилет шайлоо өткөрүүнүн дагы бирден-бир өбөлгөсү. Ошондуктан биз ушул багытта эки жылдан бери иш алып барып жатабыз

-деди Азиза Абдурасулова.
Бирок айрым учурларда жергиликтүү бийлик, окуу жайлардын жетекчилери тарабынан бейөкмөт уюмдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө бут тосуулар болуп келет. «Интербилим» коомдук борборунан маалымдашкандай алардын активисттерине студенттер менен сүйлөшүүгө уруксат бербей коюшкан. Ушундай эле абалга «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын өкүлдөрү да туш болушууда.
XS
SM
MD
LG