Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:49

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: АЧКӨЗ ТАКСИСТТЕР, ПАРИЖДИН СУУСУ, ВАШИНГТОНДУН ҮЙСҮЗДӨРҮ...


Айнура Жекше кызы. Прага.

Балдар тентек кылганда ата-энелери үнүн катуу чыгарып, урушуп, кээде колдору тийген учурлар четинен жолугат. Англия менен Уэльсте ишембиде жаңы мыйзам күчкө кирүүдө. Ага ылайык, балдарын көгала кылып сабаган ата-энелер 5 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Балдардын укуктарын коргоочулар мыйзам чийки, ага алымча-кошумча киргизилип, балдарды эмдеп-домдоого толугу менен тыюу салынууга тийиш деп эсептешет. Себеби эми ата-энелер балдарын из кала турбаган жерлерге, мисалы, баштарына ура башташат. Британиянын билим берүү министрлигинин өкүлү болсо жаңы мыйзам компромисстүү болду деп ырастайт. Анда балдардын укуктары корголот, ошол эле мезгилде ата-энелердин көз карандылыгы сакталат.






Прага шаарынын мэри Павел Бем жергиликтүү таксисттер туристтерди көп алдашат деген кептер чындыкка канчалык дал келээрин текшерүүнү чечип, ал үчүн адаттан тышкаркы ыкманы тандады. Жергиликтүү бир гезиттердин журналисттери берген сунуш боюнча чачын боетуп, жасалма сакал жабыштырып, кара көз айнек тагынган мэр куду италиялык туристке окшоп калды. Праганын борборундагы бир жерден экинчи жерге барыш үчүн Бем 26 евро төлөптүр. Жолдун узундугу - болгону 3 километр. Бул маршрут үчүн жүргүнчү 4,3 евро төлөөгө тийиш эле. Мэр: “Таксист мени алдаарын күткөм, бирок мындай болот деп ойлогон эмесмин”, - дейт. Эми айдоочуга 33 миң евро айып пул төлөөгө туура келет. Дагы бир жолу кармалып калса, ал лицензиясынан да ажырап калышы ыктымал.
Бем минген дагы бир таксинин айдоочусу болсо жүргүнчү жергиликтүү крона менен эмес евро менен төлөй турганын угуп алып, экесе көп акча сураган.
Праганын таксилери счетчиктер менен жабдылган, бирок кээ бир шылуун айдоочулар атайын жабдыктардын жардамы менен алардын эсеп-кысаптарын өзгөртүп турат. Шаардын көчөлөрүнөн, өзгөчө борборунан такси алгандан көрө, атайын фирмага телефон чалган оң.





Eau de Paris же Париждин суусу. Бул эмне? Жаңы атырбы? Же ликербу?
Кечиресиздер, сиздерди өкүнткөңгө мажбурмун!
Бул - француз баш калаасындагы крандардан аккан жөп-жөнөкөй эле суу. Өткөн аптада Париждин суу менен камсыздоо компаниялары ушундай аталыштагы рекламалык өнөктүк башташты. Алар шаар тургундарын крандагы суу бөтөлкөгө куюлуп сатылган суудан кем эмес деп ишендиргилери келет. Анын үстүнө түтүктөрдөгү суу айлана-чөйрөгө да залака тийгизбейт.
Азыр Парижде жашаган элдин 50 проценти эле крандагы сууну ичишет экен. Бирок элдер ал сууда хлордун даамы билинип турат деп даттанышат. Сууну муздаткычка койсоңор, хлордун жыты кетип калат, - дешет суу менен камсыз кылуу компаниялары.
Алардын аракеттери канчалык ынандыраарлык жана натыйжалуу болоор экен.
Бирок чынын айтсам, Париждин суусу Бишкектикине жетбейт!






Жалпы пикирге ылайык, АКШ дүйнөдөгү эң бай мамлекет. Арийне супердержаванын бир чоң проблемасы бар – бул үйсүздөр. Айрым маалыматтарга ылайык, ар бир жүзүнчү америкалыктын үстүндө үйү жок. Гуманитардык уюмдар өкмөт бул проблеманы чечиш үчүн жетиштүү аракеттенбейт дешет. Эң начар абал борбор калаа Вашингтондо түзүлгөн.
“Борбордо арзан турак жайлар жок, социалдык кызматтар аз, кедейликтин деңгээли абдан жогору. Андыктан Вашингтондо, жан эсебине алганда, тентимиштердин саны башка шаарларга караганда көп. “Мириамс Маккитчен” деген соопчулук уюмунун директору Скотт Шинглбергтин ырастоосунда, бул проблеманы ыктыярлардын жардамы менен чечүү мүмкүн эмес. Ал үчүн системаны өзгөртүү зарыл.
Көпчүлүк үйсүздөр селсаяктардын катарларына экономикалык кыйынчылыктардан улам кошулат.
Америкалык бийликтерди үйсүздөрдү кылмышкерлерге теңдегендиги үчүн көп сындашат. Конолголордун биринде баш пааналап жүргөн Терри Сни буга чейин темир жол станциясында түнөчү. “Полиция мени көргөн жеринен кубалап турчу”, - дейт Сни.






Өткөн жумада “Алтын глобус” киносыйлыктары тапшырылды. Анын лауреаттары Голливудда аккредитацияланган журналисттердин добуш берүүсү аркылуу аныкталат. Мааниси боюнча Оскардан эле кем калбаса, сыйлык адистердин, кинокүйөрмандардын чоң кызыгуусун туудуруп келет. Быйыл алтын глобус Клинт Иствудка “Бир миллион долларлык кыз” деген тасмасы үчүн ыйгарылды. Эң мыкты ролдор үчүн сыйлыктарды Хилари Свонк жана Леонардо ди Каприо алышты. Айтмакчы, ди Каприо тартылган “Авиатор” деген фильм быйыл Оскарга да татышы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG