Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

КАЗАКСТАНДЫК ДЫЙКАНДАРДЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ


Айнура Жекше кызы, Прага. Казакстандын Алматы облусундагы Алмалы району, аты айтып тургандай даамдуу, мыкты алмасы менен бегилүү. Бирок соңку кездери жергиликтүү рынокту кошуна Кытайда өстүрүлгөн жер жемиш каптап, конкуренция өсүүдө. Эларалык Эмгек уюму казакстандык дыйкандарга жардам иретинде бир нече проектин ишке ашыра баштады.

Эларалык Эмгек уюму Казакстандын бийликтери, бейөкмөт уюмдары менен биргелешип жергиликтүү алманы өндүрүп сатууну көбөйтүүнүн үстүнөн иштеп жатат.
Уюмдун Алматыдагы долбоорун координациялаган Сауле Кудекова “Азаттыктын” кабарчысына маалымдагандай, Талдыкоргон облусунда адистер алма өндүрүүчүлөрдүн жаңы кооперативдерин түзүп жатышат:

Облуста бардык дыйкандар өз өзүнчө иштешет. Биздин максат - элди ассоциацияларга бириктирип, алардын атаандашуу мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу. Дыйкандар чогуу иштешсе, ийгиликтүүрөк болушат. Биз элди Европада кеңири тараган кооперативдердин принциптери менен таанышытырып жатабыз.

Эларалык эмгек уюмунун жергиликтүү экономикалык өнүгүү жана кооперативдер боюнча регионалдык кеңешчиси Хиирт ван Буукуль болсо казакстандык дыйкандар кооперативдердин артыкчылыктарын түшүнүшү керек деп эсептейт:

Элдер кардарлардын талаптарына көңүл буруп көнүшкөн эмес. Биздин долбоор боюнча дыйкандар үчүн атайын сабактар уюштурулуп, жергилкитүү өндүрүүчүлөрдүн менталитетин өзгөртүүгө далалат жасайбыз.

Көпчүлүк казакстандык дыйкандар азыркы рыноктун шартында иш алып барууга жөндөмдүү эмес деп эсептейт адис:

Ишкерлер квалификациялуу жумушучуларды табуу кыйын деп даттанышат. Ошол эле мезгилде жумушсуздар толтура. Биз 3 кесиптик техникалык окуу жайын тандап алып, алардын базасында сабак өткөрөбүз.


Бул программа пилоттук долбоор болуп эсептелет. Ушундай эле иш-чаралар Казакстандын айыл чарбасынын башка тармактарында жана региондун башка өлкөлөрүндө да жүргүзүлөт деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG