Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Адам укугун коргоочу уюмдар Орусиянын президентине кайрылышты


Адам укуктары боюнча эл аралык федерация менен Хельсинки федерациясы орус президенти Владимир Путинге чечен козголоңчуларынын лидери Аслан Масхадовдун туугандарын бошотуу чакырыгы менен кайрылды. Алардын ачык катында айтылгандай, Чеченстандын мурдагы президентинин сегиз тууганы былтыр декабрда камалган. Чечен өкмөтүнүн бул операцияга жетекчилик кылган вице- премьер министри Рамзан Кадыров мындай ыкма менен Масхадовду багынып берүүгө мажбурлоого аракеттенүүдө. Укук коргоочулардын кайрылуусунда чечен бийликтеринин жогорудагыдай аракети эл аралык нормаларга каршы келээри белгиленет.

XS
SM
MD
LG