Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

ГЕРМАНИЯНЫН БАНГИЗАТКА КАРШЫ КҮРӨШКӨ КӨМӨГҮ


Кыргызстандагы бангизаттарга каршы күрөшүүгө багытталган тармактарды техникалык жактан жабдуу Германия өкмөтүнүн көмөгү менен жүргүзүлө баштады. Орто Азия анын ичинде Кыргыз Республикасында бангизаттарга каршы күрөшүүнү күчөтүү мыкты техникалар менен жабдылмайын натыйжасыз болору айтылып келет.

Бул проблеманы Германиянын криминалдык полициясы колго алып баш аягы 3 миллион 406 миң сомдук техника жабдыктары менен камсыз кылмакчы болду. Анын биринчи бөлүгү 19-январда тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын бангизаттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча мамлекеттик Агенттиктин директору Курманбек Кубатбеков кабарлады:

--Германиянын өкмөтү техникалык жардамдарды берип жатат. Кечээ биринчи бөлүгүн алдык. Германиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Франс Айхингер өзү келип тапшырды. “Жип” маркасындагы машина , электр тогун өндүрүп чыгара турган, байланышка керек болгон каражаттарды алдык. Булардын бардыгы биздин агенттиктин эффективдүү иштөөсүнө өбөлгө түзөт деген ишенимибиз бар.

деген Курманбек Кубатбеков Германия өкмөтүнүн бангизаттарга каршы күрөшүү үчүн көрсөткөн жардамы канчалык бир деңгээлде натыйжасын берет деген ишенимде. Ал техникалардын өзгөчөлүктөрү кандай кызматтарда колдонору тууралуу билдирди:

--Биздин эксперттик криминалдык борборго жаңы, бангизаттарды туура аныктай ала турган кымбат приборлорду алып бергени жатышат.
деди Курманбек Кубатбеков.

Анын айтымында Борбордук Азияда анын ичинде Кыргызстанда бангизаттарды контробандалык, мыйзамсыз жолдор менен ташып өткөрүүгө бөгөт коюуда атайын биргелешкен иш аракеттер көрүлүп жатканына кыйла жылдар болду. Өлкөдө жыл өткөн сайын бангикоркунучунун күчөп баратканына күчтүү техникалардын жетишсиздиги себеп дегендей шилтеме берди. Мындан ары бангикоркунучуна каршы күрөшүү бир кыйла күчөтүлмөкчү.

Бангисоодасына көзөмөл кылуу жана ага каршы күрөшүүгө чет элдиктердин техникалык жактан жардам берүүсү биринчи факт эмес. Андыктан Германиянын кымбат баалуу техникалар менен Кыргызстандагы бангизаттарга каршы күрөшүү кызматтарын жабдып жатышы тууралуу ар кыл пикир бар. “Атуулдук коом жана коррупцияга каршы күрөш” бейөкмөттүк уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын пикирин угалы:

--Жакырчылыктын айынан бангисоодасына кириптер болуп, анын кесепеттери түрмөгө кирүү менен бүтүп жатат. Андайлардын катары абдан эле көбөйүүдө. Ошондон улам айтарым коомчулукка эч кандай жеңилдик алып келген жок. Бул декларативдүү өйдө жакта гана болуп жаткан көрүнүш. “Маакул биз иштейбиз, деп коюп, кыргыз элине эффективдүү бир кадам жасалып жатканын көрсөтүшө элек.

ушундай дейт Төлөйкан Исмаилова. Төлөйкан айым айткандай банги соодасына каршы күрөшүү боюнча аракеттер майда-чүйдө, күнүмдүк турмуштун айынан азгырылган атуулдарды сот жообуна тартуу менен чектелип келгенин айрым байкоочулар да бышыктаган ойлорун айтышат.Бирок Германия өкмөтүнүн Кыргызстанда бангизаттарга каршы күрөшүүгө техникалык жактан жардам берүүсүн колдойм деди саясатчы Жыпар Жекшеев:

--Мен ойлойм акыркы жетишкендиктеги техникалар менен Кыргызстандагы бангизаттарга каршы күрөшүү кызматтарын жабдып койсо, бир кыйла таза иштер жаралат беле деген ойдомун. Ички иштер министрлигин кээде курал-жарактар менен жабдып жатпайбы Бул мага анча жага бербейт. Демократияны курабыз деп жатканда болбогон иш дейм. Ар бир кызмат саясатка аралашпай, өз иштерин так аткарса эле, натыйжасыз калбайт.
дейт Жыпар Жекшеев.

XS
SM
MD
LG