Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Жорж Буш АКШнын президенти катары экинчи мөөнөтүнө расмий киришти


Жорж Буш АКШнын президенти катары бүгүн Вашингтондо экинчи мөөнөткө ант берди. Ант бергенден кийинки сөзүндө ал президенттик экинчи мөөнөтүндө ар бир өлкөнүн эркиндиги үчүн күрөшөөрүн билдирди. Буштун айтымында, дүйнөдө тынчтыкка эркиндик аркылуу гана жетүүгө болот:

-Биздин эркиндигибиздин сакталышы, көп жагынан башка өлкөлөрдөгү эркиндикке көз каранды. Жердеги тынчтыктын эң жакшы үмүтү - эркиндиктин бүткүл дүйнөдө салтанат курушу.

Жорж Буш өз сөзүндө АКШ дүйнөдөгү демократиялык күчтөрдү колдоону уланта берээрин да кошумчалады. АКШ президентинин инагурациясы күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өттү. Ант берүү аземин жана андан кийинки парадды көрүү үчүн чогулган адамдардын саны 500 миң деп эсептелүүдө.

XS
SM
MD
LG