Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

МЕККЕДЕ АЖЫЛЫК ЗЫЯПАТЫ СОҢУНА ЧЫГЫП КАЛДЫ


Шайырбек Эркин уулу, Прага Бейшембиде мусулман дүйнөсүнүн көпчүлүк бөлүгү курман айт майрамын белгилешти. Дал ушул күнү мусулмандардын ыйык шаары эсептелген Меккеге исламдын беш парзы болгон ажылык милдетин аткарганы дүйнөнүн ар кайсы тарабынан чогулган эки миллиондон ашуун момун мусулман пенделери ажылыктын эң соңку жана эң кыйын жөрөлгөсүн аткарышып, шайтандын үч таш сөлөкөтүнө жетиден таш ыргытышты.

Зыяратчылар ушуну менен ажылык зыяпатын аяктап, курман айтты белгилөөгө киришти. Былтыр шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн аткарууда 250дөй , 1999-жылы болсо бир жарым миндей адам элдин тепсендисинде калып, көз жумган эле. Сауд бийликтери быйыл андай көрүнүштөрдү болтурбоо максатында атайын чаралар көрүлгөнүн билдиришти.

Буга дейре зыяратчылардын көпчүлүк бөлүгү шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүн бейшемби күнү түш ченде аткарышчу. Бир канча адамдарды өмүрүнөн ажыраткан өткөн жылдардагы кайгылуу окуялардан соң быйыл бул жөрөлгөнү бейшемби күнү таң эртең менен гана аткаруу тууралуу атайын буйрук чыгарылды.

Сауд Арапстандын бийликтери мындан сырткары зыяратчылардын тепсендиде калышын болтурбоо үчүн тиешелүү чараларды көрүшүп, шайтандын таш сөлөкөттөрүнө барчу жолду кеңейтти жана дагы кошумча тилкелерди жасашты. Шайтан сөлөкөтүнө таш ыргытчу “жамарат” деп аталган үч көпүрө да бийигирээк көтөрүлүп, кеңейтилди.

Сауд Арапстандагы "Араб ньюс" аттуу англис тилинде чыгуучу басылманын башкы редактору Файзал Али бейшембиде Жамарат көпүрөсүндө турган жеринен "Азаттыкка" буларды билдирди:
- Мен азыр бул жерден шайтандын сөлөкөтүн даана көрүп турам. Жамарат көпүрөсүндө эбегейсиз көп сандагы адамдар таш ыргытуу үчүн баратышат. Бактыга жараша буга дейре эч кандай жагымсыз окуя болгон жок. Мен ушундай эле болсо экен, баары тынч өтсө экен деп Алладан тилеп жатам.

Шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсүнөн соң зыяратчылар исламдагы эң маанилүү майрамдардын бири делген курман айтты белгилөөгө киришти. Бул учурда зыяратчылардын көпчүлүгү мал-жандыктарын, асыресе койду Кудай үчүн курмандыкка чалууга тийиш. Мындай салт мусулмандарда Ыбрайым пайгамбардын доорунан калган. Ал Кудай таалага өтө берилгендигин далилдөө үчүн өз уулу Ысмайылды курмандыкка чалмакчы болгондо курмандыкка койду союу тууралуу Алладан периштелер аркылуу кабар келген.

Өзбекстандык белгилүү ислам аалымы шейх Мухаммад Садык Мухаммад Юсуф бул жөрөлгө тууралуу мындай дейт:

- Курмандык чалуу ошол ажылык парз кылынган учурда башталган. Исламдагы Ханафи мазхабка ылайык ажыга барбаган мусулмандардын да өзүнө токтору, зекет берүүгө кудурети барлары өз жеринде курмандык чалуусу милдет деп эсептелинет.

Үч күн ичинде курмандыкка союлган малдын этинин үчтөн бир бөлүгү жарды-жалчыларга, дагы үчтөн бири колу-кошуналарга таратылып, калган бөлүгү өзүнүн үй-бүлөсүнө калтырылышы керек. Ажылык үчүн Меккеге баралбагандар болсо эртең менен айт намазына жыгылып, жетим-жесир жана бей-бечараларга кайрымдуулук кылышы керек.

Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайниддин бул күндүн маани-маңызына мындайча токтолот:

- Бизге курмандыкка малды гана чалуу буйрулган. Адам канын төгүүгө тыюу салынган. Биз Алланын бири-бириңерди өлтүрүүнү, зулумдукту токтоткула жана жер жүзүнө жалаң тынчтык, коопсуздук орноткула деген буйругун аткарышыбыз керек.

Бейшембиде Сауд Арабия падышасы Фахд жана Абдулла ханзада ажылыкка келген жамаатка телекөрсөтүү аркылуу кайрылып, ажылык парзды өтөө менен террорчулукка, экстремизмге каршы күрөшүүгө өз үлүштөрүн кошууга чакырды, терроризм ислам динине жат нерсе экенин белгилешти. Өлкөнүн башкы муфтийи да Мекке мечитинде сүйлөгөн сөзүндө “ислам атына жамынып террордук чабуулдарга чакыргандарга көнбөңүздөр” деп айтты

Учурда кыйын күндү башынан кечирип жаткан Иракта да мусулмандар бул күнү мечиттерде айт намазына жыгылышып, өлкөгө коопсуздукдун жана туруктуулуктун орношун тилешти. Багдаддагы Абу-Ханифа мечитинин имамы Ияд Нажам буларды баяндады:

- Биз бардык мусулмандарга курман айтыңар маарек болсун демекчибиз. Ошондой эле биз Аллага сыйынып жергебизге тынчтык, коопсуздук орношун, өлкөбүз кыйын күндөрдөн тез арада арылып, тынчтыктын жана бейпилдиктин гана өлкөсү болсо экен деп тиледик.
XS
SM
MD
LG