Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:35

Бүгүн мусулман дүйнөсүнүн көпчүлүк бөлүгү сыяктуу эле Кыргызстандагы мусулмандар да курман айт майрамын расмий белгилешти. Таң эртең менен Бишкектин борборундагы парламент имаратынын алдындагы аянтта намаз окулду. Ага Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов, президенттик администрациянын башчысынын орун басары БолотЖанузаков, Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов, бир катар өлкөлөрдүн элчилери жана жүздөгөн мусулмандар катышты.

Кыргыз диний башкармалгыгын муфтийи Мураталы ажы Жуман уулу аянтка чогулгандардын алдында чыгып сүйлөп, жалпы мусулмандарды курман айт майрамы менен куттуктап, бул күндүн маанисине кеңири токтолду:

- Бүгүнкү ыйык Курман айт майрамында урушкан адамдар элдешет. Курман айт күнүндө адамдын көңүлүн оорута турган, жаман ,ыплас сөздөрдөл алыс болуп, кудай менен сүйлөшүп, кудайга сыйынып туруш керек. Алла таалла ар бир үй бүлөөгө жакшылык гана берсин.

Курман айт намазына президентик администрациянын башчысынын орун басары Болот Жанузаков да катышып, өлкөдөгү баардык мусулмандарга президенттин атынан куттуктоо жолдоду:

- Курман айт - улуу майрамыңыздар менен президенттин атынан куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Мына кыргыз эли он төрт жылдан бери жыл сайын курман айт майрамын расмий белгилеп келе жатат. Бул майрам - кыргыз элинин маданиятынын бир бутагы. Адамды ыймандуулукка, ынтымакка чакырып келген курман айттын мааниси жалаң гана мусулмандар үчүн эмес, жалпы эл үчүн зор мааниси бар.

Ошондой эле айт намазга чогулгандарды Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов да куттуктап, Курман айт адамдарды ыймандуулукка, боорукерликке, тазалыкка үндөөрүн баса белгиледи.

Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг Кыргызстандын мусулмандарын курман айт майрамы менен кыргыз тилинде куттуктады:

- Ассалому алейкум! Бардык америкалыктардын, анын ичинде сегиз миллион мусулмандардын атынан ушул жерде туруп, курмандык келтирүүнүн зарылдыгын эскерткен ыйык Курман Айт күнү сиздер менен бирге болгонума кубанычтамын.

Мындай куттуктоолорун Иран, Пакистан өлкөлөрүнүн элчилери да айтышты. Куттуктоо сөздөрдөн соң Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуман уулу намаз окуду.

Андан кийин көзү өткөн момундарга куран түшүрүлдү. Аны он төрт жаштагы Жапар уулу Абдулкахар окуду.

Айт намазга келегендердин саны жылдан жылга өсүүдө. Мураталы ажы Жуман уулунун билдирүүсүнө ылайык, быйыл айт намазга келгендердин саны алтымыш миңден ашты. Буга чейин намазга жалаң гана эркектер келсе, акыркы жылдары аялдар да намазга катышууда.

Бүгүнкү айт намазга келген Жумакан Мырзалиева пикирин төмөнкүдөй билдирди:

- Мен жыл сайын орозо айт, курман айт намазга келем, борбордук мечитке барам. Каалоом жаштар ыймандуу болуп, улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлап жүрүшсүн.

Бул күнү колунда бар адамдар курмандыкка кой, эчки, уй, төө союшат. Союлган малды үчкө бөлүп, анын бир бөлүгүн колунда жок адамдарга садага берип, кайрымдуулук кылуу шарт. Алла Тааладан кеткен күнөө үчүн кечиришин сурап, ооруп жаткан адамдарга абалын сурап баруу зарыл.

Айт күнү мусулмандар Меккеге барып зыярат кылып, ажылык милдетин аткарат. Кыргызстан муфтийи Мураталы ажы Жуман уулунун айтымында , быйыл Кыргызстандан төрт жарым миң адам ажылык сапарда болууда.
XS
SM
MD
LG