Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:24

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕГАРАСЫНДА ТАТААЛ АЙМАКТАР ТАКТАЛА ЭЛЕК


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. 24-январда Кыргыз-тажик чегарасын тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму Бишкекте өткөнү жатат. Ал эми чегараларды делимитациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясы да ушул аптанын башында Бишкекте чогулуп, бир катар маселелердин башын ачты.

Кыргыз-өзбек чегарасы боюнча биргелешкен отурумда Өзбекстандан өкмөттүк комиссияны карта чийүү, кадастр жана геодезия боюнча кызматтын жетекчиси Абдувалий Абдуазизов, Кыргызстан тараптан тышкы иштер министри Лидия Иманалиева башкарды. Лидия Иманалиеванын билдиргенине караганда, 15-январда башталган бул отурум бир аптага созулуп, анын жүрүшүндө чегара жөнүндөгү мамлекет аралык келишимдин долбоорун даярдоо тууралуу маселе көтөрүлдү. Тараптар бул маанилүү документти даярдоо мезгили жетти деп санашууда.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосун 1295 чакырым бөлүп турат. Анын 1006 чакырым 800 метр жери такталып бүттү. Бирок, бул кыргыз-өзбек чегара маселелери жеңилдеп калды дегенди түшүндүрбөйт:

- Ар бир чакырым алтынга тете. Албетте, адатта делимитация жараянында акыркы чакырымдар баш оору болот. Ошондуктан, ал аябай жай жылып жатат. Биз проблемасыз аймактардын баарын чийип, бекиттик. Азыр эң татаал жумуш башталып жатат.

Азыр тараптар Фергана жана Баткен облустарынын ортосун бөлгөн чегарага сызыгын тактоо ишин аткарып жатышат жана тараптар өз ара түшүнүшүү ыңгайында иш алып барууда.
Эки өлкөнүн чегара аймагы качан толугу менен делимитацияланып бүтөөрү али белгисиз. Делегация мүчөлөрүнүн пикиринде бул өтө кылдат мамилени талап кылган татаал иш. Бирок, эксперттер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чегарага байланышкан маселелер алда-канча жумшарып калганын белгилешүүдө. Баткен окуясынын учурунда коюлган миналардан чегараны тазалоо процессинин былтыр жайда башталышы, чегара постторун иретке келтирүү боюнча макулдашуулардын кабыл алынышы ушуну шарттады дешет. Бирок, тактоонун создугушунан улам чегара кыркасында жашаган элдин турмуш-тиричилигинде проблемалар чечилбеген бойдон калууда.
Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдин «Азаттыкка» берген интервьюларынын биринде билдиргенине караганда:

- Режими бир аз жумшады. Бирок, Бишкекке, башка жакка алып барып сата турган буюмдарына булар тоскоол кылып жатпайбы.

Ал эми чегара сызыгын чийүү боюнча өкмөттүк комиссиянын ишениминде ушул жылдын жай учурунда тараптар өтө талаштуу саналган аймактарды тактоого киришип калат. Расмий маалымат боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда талаштуу саналган 9 участок бар. Алардын катарында Керкидан, Анжиян суу сактагычтары, Сох, Шахимардан, Барак анклавдары, Гава, Гавасай аймактары бар.

Тараптардын белгилегенине караганда, бул аймактардагы чегараны тактоо оңойго турбайт. Анткени, Өзбекстан тарап 1924-жылдагы карта менен аныктоону эп көрсө, расмий Бишкек 1955-жылы чийилген картага таянган оң дейт. Бирок, кыргызстандык тиешелүү адистердин билдиргендерине караганда, иш жүзүндө чегараны сызууда эл аралык нормалар менен кошо элдин пикири, чегарадагы реалдуу жагдайлар да эске алынууда. Комиссиянын төрайымы, тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиеванын айтымында:

- Эгер биз 1913-жылкы Маргалаң макулдашуусунан баштап эски тарыхый эстеликтердин баарын казып чыксак, чегара эң эле ойку-кайкы сызыкка айланат.

Кыргыз-өзбек чегарасынан айырмаланып, кыргыз-тажик чегарасын аныктоо али уюштуруу деңгээлинде туруп атат. Жергиликтүү адистердин айтымында, июнь айына чейин кыргыз-тажик чегарасындагы талаш туудурбаган аймактарды чийүү иши жанданат. Бирок, кыргыз-тажик чегарасында да, кыргыз-өзбек чегарасы сыяктуу эле терең салмактап чече турган татаал маселелер бар.
XS
SM
MD
LG