Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

БШК мөөнөтүнөн мурда жүргүзүлгөн үгүт иштерин эсепке алды


БИШКЕК. Борбордук Шайлоо комиссиясынын шайлоо алдындагы үгүт иштерине көзөмөл салуу боюнча жумушчу тобу шайлоочулардын добушун сатып алуу аракети болду деген төрт маалыматты Башкы прокуратурага жөнөттү. Жумушчу топтун төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун билдирүүсү боюнча, Башкы прокуратура ал маалыматтарда айтылган фактыларды иликтеп, мыйзам бузуу болгон же болгон эмес деген бүтүмүн берет. Мыйзам бузуу болгондугу аныкталган фактылар округдук комиссиясына жөнөтүлөт жана комиссия мыйзам бузууга барган талапкерди жарыштан чыгарууга чейинки чараны көрөт. Жумушчу топ мындан тышкары бир катар маалыматтарды округдук шайлоо комиссияларынын иликтөөсүнө жөнөттү. Аларда айрым талапкерлер үгүт иштерин мөөнөтүнөн мурда жүргүздү деген маалыматтар жазылган. Борбордук Шайлоо комиссиясынын үгүт иштерине көзөмөл салуу боюнча жумушчу тобуна депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү маалында бардыгы болуп 15 даттануу түшкөн.

XS
SM
MD
LG