Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Пикет улантылууда


БИШКЕК. 21-январда Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин мүчөлөрү нааразылк акциясын улантты. 15тен ашуун атуул Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгып, 20-январда Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган мыйзамга президент Аскар Акаевдин кол коюусун талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту. Маалым болгондой, парламент бейшембидеги жыйынында «Шайлоо кодексине» өзгөртүү киргизип, элчилердин Жогорку Кеңештин депутаттыгына катышуусуна жол ачкан. Депутаттардын айтымында, эгерде президент 28-январга чейин мыйзамга кол койсо, анда элчилер Медеткан Шеримкулов, Роза Отунбаева, Мамбетжунус Абылов жана Үсөн Сыдыков талапкер катары шайлоого катыша алат.

XS
SM
MD
LG