Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

АКШы САЯСАТЫ: ТҮРКИЯГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ


Аким Өзгөн, Түркия. АКШнын президенти Жорж Уолкер Буштун, экинчи мөөнөткө инаугурациясы жана анын анда айткан сөздөрү, жалпы эларалык коомчулукта да, Түркия да чоң кызыгууну жаратып, өлкөнүн бардык ири теле каналдары, Вашингтондогу 40 миллион долларга турган салтанатты, ‘жандуу берүүлөрү’ менен тең бөлүштү.

Саясат таануучулар жана ардагер комментаторлор, Буштун ар бир айткан сөзүн иликтеп, Вашингтондун тышкы саясатындагы өзгөрүүлөргө жоромол салууга аракеттеништи.
"Менин эң баштапкы милдетим, бул өлкөнү жана анын калкын, сырткы күчтөрдөн жана жаңыдан пайда болуп келаткан коркунучтардан коргоо болуп эсептелет” деди Президент Буш :

- “Биздин эркиндигибиздин сакталышы, улам барган сайын ого бетер, башкача элдердин эркиндик күрөшүнүн ийгилигине көз каранды болуп баратат. Дүйнөдө тынчтыктын эң жаркын үмүтү- эркиндиктин бүт дүйнөдө салтанат курушу”

деп билдирүүсү аркылуу, өзүнүн тышкы саясаты, өзгөчө терроризмге каршы күрөш жаатындагы саясаты, биринчи мөөнөттөгүсүндөй эле алмашпай улана бере тургандыгынын четин чыгарды. Негизи, Буштун ант берүү аземин утурлап, вице-президент Дичк Чхенейдин айткан сөздөрү деле, Вашингтондун алдыдагы 4 жылга тышкы саясатынын негизги линиялары тууралуу аян берген эле. Айрым комментаторлор тарабынан ‘ак-үйдүн чыныгы кожоюну’ деп сүрөттөлгөн Дичк Чхеней мырзанын, жеке бир теле-канал менен болгон маегинде, “Иран, дүйнөдөгү коркунучтуу жерлер боюнча АКШнын тизмесинде биринчи орунду ээлерин; ошондой эле, Иран тарабынан келе билүүчү кандайдыр бир коркунучтун алдын алыш үчүн, Израил озунуп, Иранга каршы чабуул коюусу мүмкүн экенин” айтуусу ырасмий Анкаранын тынчын албай койбоду. Октябрь айында ЕБ менен мүчөлүк соодалашууларына баштай турган Түркия, Иракты да кошуп алганда, өзүнө кошуна өлкөлөрдө туруктуулук орнотулуп, өз тегерегинде ‘тынчтыктын алкагын’ жаратууну каалайт. Түркия, Иран менен АКШ же Израилдин ортосунда келип чыгуучу кандайдыр бир конфликт, өз аймагындагы, алдын ала болжоп билүүгө болбой турган опуртал жагдайлардын түзүлүшүнө өбөлгө түзөрүнөн чочулайт.

АКШ, Түркиянын ЕБге мүчө болуу мүдөөсүнө башынан бери чечкиндүү колдоо көрсөтүп келатат. Буштун администрациясынын Анкарага көрсөткөн колдоосу, айрым учурларда европалык жетекчилерге жакпаган менен; кыйгач маанисинен алып караганда бул колдоо- ЕБ менен соодалашуусунда Түркиянын колун күчтөндүргөнүн айтууга болот. Бирок, айрым саясий комментаторлор да айткан өңдүү; Түркия ЕБке жакындаша берген сайын, ирониялык түрдө, Анкаранын Вашингтон менен, өзгөчө Ирак, Сирия жана Иран тууралуу саясаттары ого бетер ажырым мүнөз алып келатканын да айтуу жөн. АКШнын Ирактагы күрт жана ПКК маселесине карата саясатына нааразы болгон Анкара, бир чети бул өлкөдөгү ПККнин согуштук түзүлүштөрүнө каршы чара көрүлүүсүн; экинчи чети, 30- январга белгиленген шайлоолорду утурлап, мунайга бай Киркук вилаятына сырттан кошумча күрт үй-бүлөлөрдүн орун-очок алышы, ал жердин демографиясын күрттөрдүн пайдасына алмаштырууга каратылган иш-чаралардын токтотулуусун талап кылып АКШга кайрылды. Ирактагы, улам курчуп бараткан каршылык көрсөтүү аракетинин маңдайында айласы кетип бараткан АКШ болсо, андайча талаптарга чолосу тийбей, анын үстүнө Анкара өкүмөтүнүн ‘Ахиллес согончогу’ болуп эсептелген, Инжирлик аба базасынан кеңирирээк максаттарда пайдаланууга уруксат этилишин сурашы, мамилелердин ушул таптагы чийеленишкен мүнөзүн ого бетер татаалдаштырып, Заман гезитинде жазаган комментатор Али Асландын сөзү менен айтканда, Анкара-Вашингтон ортосундагы диалог, ‘дүлөйлөрдүн диалогуна’ айланып баратат.
XS
SM
MD
LG