Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

ӨЗБЕКСТАН МИГРАЦИЯ МАСЕЛЕСИНЕ КӨҢҮЛКОШ


Бекташ Шамшиев, Бишкек. Чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарды Кыргызстанга көчүп келишке мажбур кылган жагдайлар биртоп. Эне тилинде билим алуунун кыйындыгы, бөтөн улут өкүлдөрүн ачык-тымызын кодулашы алардын жер которушуна себеп болууда. Чет жерден Кыргызстанга көчүп келип аткан боордошторубуздун проблемалары жайында Тышкы иштер министрлигинин Миграция департаментинин жетекчи орунбасары Болот Сарыгулов ой жүгүртөт.

- Негизги себеби чет өлкөлөрдө жашаган боордошторубузду өгөйлөөгө байланышкан. Кыргыз чөйрөсүнүн тарышы, эне тилиндеги мектептердин азайышы, жумушка алуу, жер үлүшүн бөлүштүрүү жана башка толгон-токой себептер аларды жер которууга мажбур кылууда.

Ушу тапта Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы көчүп келгендердин жарандык алуу, жарандыктан чыгуу түйшүгүн азайтуу боюнча келишим жактырылганы турат. Мурда качкындар боюнча ушундай эле келишимге кол коюлган. Бул ирет көчүп келгендердин баарына тиешелүү маселе көтөрүлүүдө. Быйыл жарым жылга чейин бул келишим Тажикстан жана биз тараптан бекитилмекчи,-
дейт Болот Сарыгулов.

Өзбекстан менен миграция маселесин чечүү кандай ахывалда экенин Болот мырза мындайча мүнөздөдү:

- Өзбекстан менен маселе чечүү оорго турууда. Жалпылап айтканда, Өзбекстан биз менен эки тараптуу келишим түзүүнү каалабай жатат. Дагы айтсак, ал жердеги кыргыздарды четтетүү адырайып ачык эле жүрүүдө. Маалыматка ишенсек, Тажикстанда ушу тапта 150 миңдей кыргыз калса, Өзбекстандагы боордошторубуздун эки категориясы бар. Алардын бир даары эл каттоо маалында улутун жашырбай, кыргыз деп жазылып алышкан. Мындайлардын саны 370 миңден ашуун.

Бирок да бул жерде келечегин ойлоп, балдарынын тагдырын эстеп, өзбек деп жазылып алгандар бар. Эксперттердин эсеби боюнча, андай өзбектешкендердин саны жарым миллионго жакын. Бул иш азыр Өзбекстанда катуу жүрүүдө. Себеп дегенде, жыл сайын жагдай катуулап баратат. Тилекке каршы, бизде анын кандай жүрүп жатканын байкоо мүмкүнчүлүгү жок. Болгону элчилик ал жердеги кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн гана айрым маалыматтарды ала алышат. Чын-чынына келгенде, кыргыз жамааттары ал жерде жакшы уюмдаша элек. Эл арасында миграциялык маанай күчөөдө.


- Болот мырза, кийинки жылдары Кыргызстанга четтен канча кыргыз көчүп келди? Алар кайсы жерге жайгашты? Ушул туурасында да айта кетсеңиз.

- Айыл өкмөттөрүнөн алынган маалыматка караганда, ушу тапта Кыргызстанга көчүп келген боордошторубуздун болжолдуу саны 12 миңдей адам. Муну так маалымат деп айтыш кыйын. Алардын көпчүлүгү , 70 – 80% Чүй өрөөнүнөн орун алышкан. Анын себеби деле белгилүү. Өлкөнүн түштүгүндө калк жыш жайгашкан. Ал жердеги элге бөлүнгөн жер үлүшү да өтөле аз. Көп үй-бүлөлөргө болгону 12 – 15 сотуктан гана жер бөлүнгөн. Ошон үчүн эмгек мигранттарынын көпчүлүгүн, сыртка иштөөгө кетип аткандардын 80% жакынын түштүктүн эли түзөт.

Өзбекстандан келип аткан боордошторубуздун басымдуу көпчүлүгү мыйзамсыз жер которуп келгендер. Эмне үчүн андай? Мыйзамдуу негизде жер которуш үчүн жарандыктан чыгуу керек. Өзбекстанда андайга жол берилбейт, чоң тоскоол жасалат. Жарандыктан чыгып көчүп келейин дегендер кыйла жылдарын күтүү менен өткөрүшөт.

Анан да башка жакка көчүп кетейин деген адамдын буюм-тайымын сатып албаш керек деген жашыруун маалымат бар. Ошондон көчөйүн дегендер үйүн, мал-мүлкүн саталбайт. Ондогон жылдар топтогон байлыгын таштап кетишке мажбур болушат.


- Көчүп келгендердин бул жердеги абалы кандай болот?

- Кыргызстанга келгенден кийин алар толгон кыйынчылыктарга: каттоо, виза көмөгүн алуу жагынан кыйналышат. Өзбекстандан көчүп келгендер ошондон чоң оорчулуктага туш келишүүдө. Чек арага жакын айылдарга келгендерге тууган-уруктары жардамдашат. Такай жашоого көчүп келгендерге кыйын эле болууда.

Айла жок мыйзамсыз көчүп келгендердин катталышы, бул жерде жашоого уруксат алышы же мигрант статусун алышы, анан барып жарандык алышы толгон-токой кыйынчылыктарга кабылат. Ага карабастан, биз президент жарлыгына ылайык, көчүп келгендердин түйшүгүн жеңилдетүү аракетин көрүп атабыз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма берилип, укуктук нормаларга биртоп өзгөртүүлөр киргизилген. Өзбекстандан келип аткандардын укуктук статусу менен укуктук жобосу азырынча кыйынчылык жаратууда. Балдарды окутуу, медициналык жардам алуу сындуу маселелерде да оорчулуктар чыгууда. Кыргызстанга көчүп келип аткандардын көпчүлүгү жашоосу оор, колунда жок үй-бүлөлөр. Өкмөттүн берген акчасы Миграциялык фондду кармоого гана араң жетет, ошондон биз сүрөөнчүлөрдү издеп келатабыз. Кыргызстандан андай март адам чыга элек.


Болот Сарыгулов Өзбекстандын миграция маселесин Кыргызстан менен биргелешип чечүүгө ынтызар эместиги ал жердеги татаал, кош маанилүү режимден чыгып атканы түшүнүктүү дейт.
XS
SM
MD
LG