Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

ИСЛАМ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН КЫЗ- КЕЛИНДЕР ОЮНУ


Кабыл Макеш, Бишкек. 23- январда Тегеранда Азия жана ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндер оюндары башталат. Бул спорттук таймашууларга Кыргызстандык кыз- келиндер катышабы?

Эгемендүү өлкө болгону кыргызстандык кыз- келиндерге эл аралык мелдештерге команда катары катышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. 1993- жылы Тегеранда өткөн ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндеринин тилектештик оюндарында Кыргызстандын командасы баш байгени жеңип, Азия аймагында сенсация жараткан. Ошондо кыргызстандык кыз- келиндер командасы 27 алтын медалдын ээси болгон.

Быйыл Ирандын кыз- келиндер спорт федерациясы бул таймашуулардын кулачын кеңейтип, 23- январдан 30- январга чейин Тегеранда Азия жана ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндеринин биринчи оюндары спорттун 14 түрү боюнча өткөргөнү турат. Мелдештин шарты боюнча бул оюндарга катышкан бардык командалар мейманкана, тамак- аш, жергиликтүү унаа менен бекер камсыз болмокчу. Эгерде жол киреге каражат табылса, кыргызстандык кыз- келиндер жеңил атлетика, ок атуу, спорттук гимнастика, стөл тенниси, таэквандо түрлөрүнөн катышып, ийгилик жаратууга ниет кылып, даярдык көрүшкөн. Тилекке каршы, бул мелдеш Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин календарлык планына кирген эмес деген шылтоо менен кыз- келиндер командаларынын жолуна каражат бөлүнбөй калган. Бул мелдешке кыз- келиндер командасын өлкөнүн улуттук олимпиада комитети да жөнөтө албастыгын, мындай эл аралык оюндарга өкмөт Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетке каражат берээрин, спорт мектептери алардын карамагында экендигин өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин экс- президенти Эшим Кутманалиев айтып, мындай деди:

-Биз олимпиадалык оюндарга барабыз. Кыргызстандын спорту үчүн Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетти өкмөттөн жетимиш тогуз миллион акча алат. Базалардын баары, спорт мектептер, тренерлердин баары ошолордун колунда.

Азия жана ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндеринин биринчи оюндарына катышууга Кыргызстандан жеңил атлечилер гана Тегеранга жөнөп кетишти. Бул жолу Кыргызстандын намысын коргоого жаштарга артыкчылык берилип, былтыркы Азия чемпионатында байгелүү орунга жеткен, Афина олимпиадасына катышкан Галина Педан баштаган 6 жаш кыз жарышка түшөрүн өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын кызматкери Элдар Даникеев билдирди.

Кыргызстанда кыз- келиндер спортуна көңүл бурулбай жаткандыгын спорт күйөрмандары Бакыт Асанбаев менен Бекен Калдыбаев пикирлерин мындайча билдирди.
- Деги эле спортко болгон кыз- келиндердин кызыгуусу төмөн болуп жатат. Башка өлкөлөргө кыргыз кыз- келиндери барса, көбүнчө башка улуттан болуп калып атат. Бизде деле чечкиндүү кыздар көп аларда спортко аралашса.

- Жалпысынан айылдарда жаштардын спортко катышуусу абдан төмөн. Машыктыруучулар жок, залдар да жок. Кыргыз кыздары чыкса, Кыргызстандын намысын коргосо жакшы эле болмок. Өкмөттөн жардам жок да.

Ошондой эле Азия жана ислам өлкөлөрүнүн кыз- келиндеринин биринчи оюндарына катышууга кыргызстандык гимнаст кыздар аракет кылып, жол киреге каражат издеп жатат. Ал эми кыргызстандык мерген кыз- келиндер бул оюндарга катышпай калганын эл аралык спорт чебери, Ислам кыз- келиндеринин тилектештик оюндарынын биринчи чемпиону Забида Ырсалиева билдирди.
XS
SM
MD
LG