Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Польшанын парламенти концлагерде каза болгондорду эскерген резолюция кабыл алды


ВАРШАВА. Польшанын парламенти Дүйнөлүк Экинчи Согуш учурунда Нацисттик Германиянын Аусшвиц-Биркенау деген жериндеги концлагерде каза болгондорду эскерди. Парламенттин бир добуштан кабыл алынган резолюциясында ошондой эле 1945-жылы 27-январь күнү лагердин туткундарын боштондукка чыгарган Советтик Аскерлер да сый-урмат менен эскерилет. Резолюция өлүм лагерин национал-социалисттик идеологиянын кайгылуу натыйжасын азыркы Европага эстетип турган эстелик катары сыпаттайт. Аусшвиц-Биркенау деген концлагерде кеминде бир жарым миллион адам каза тапкан, алардын көбү- жөөттөр. Туткундардын бир тобу Советтер Союзунун жана Европанын башка өлкөлөрүнүн жарандары болгон. Келерки бейшембиде Аусшвиц-Биркенауда лагер туткундарынын бошотулганынын 60 жылдык мааракесине арналган каадага 40тан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышат.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG