Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

Ооганстандын өзбек улутундагы генералына жасалган кол салуу иликтенүүдө


МАЗАР-И-ШАРИФ. Ооган бийликтери өлкөнүн өзбек улутундагы аскер башчысы генерал Рашыд Достумга жасалган кол салууну иликтеп жатышат. Кечээ Достумдун туулуп- өскөн калаасы Шиберганда болгон жардыруудан 20 чакты киши жарадар болду, алардын айрымдары оор абалда. Кол салуунун жоокепкерчилигин Талибан өзүнө алды. Ооган ички иштер министрлиги Шибергандагы окуяны иликтөө үчүн калаага төрт кишини жөнөткөнүн маалымдайт. Талибан кулагандан бери Достум Кабулдагы өкмөттү колдоп келатат. Жакында ал аскерлерин куралсыздандыра баштаган. Улуттар уюмунун куралсыздандыруу планы боюнча Достумга 200дөй куралдуу сакчысын алып калууга уруксат этилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG