Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:20

Каракулжа шайлоо округунун тургундары президентке кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Ош облусуна караштуу Каракулжа шайлоо округунун шайлоочулары президент Аскар Акаевге, премьер-министр Николай Танаевге, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге, Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевге кайрылуу жолдошту. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Каракулжа районундагы Кашкажол айыл өкмөтүндөгү жыш калктуу айылдарды Каракулжа шайлоо округуна киргизүү боюнча негизсиз чечимин кабыл алгандыгы жөнүндө айтылган. Анткени, кайрылууда белгиленгендей, аталган чечим өлкөнүн Шайлоо Кодексинин 19-беренесине кайчы келет. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, Каракулжа шайлоо округуна райондун борборунан 2-3 чакырым аралыктагы Сарыбулак, Аккыя, Каракочкор айылдары кирбей, райондун борборунан 25-30 чакырым алыстыкта жайгашкан Кашка жол айыл өкмөтүндөгү Октябрь, Тоготой жана Жийде айылдары кирип калган. Бул айылдар буга чейин Мырзаке округуна кирген. Каракулжа районунун тургундары шайлоо округу бирдиктүү аймактан түзүлүүгө тийиш деген шайлоо Кодексинин 19-беренесинин 2-пунктуна ылайык Каракулжа шайлоо округун өзгөртүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу 22-январда Каракулжа шайлоо округунун шайлоочулары билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG