Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Президент Орусияга барат


БИШКЕК. 24-январда президент Аскар Акаев эки күндүк иш сапары менен Москвага барат. Мамлекет башчы Москвада Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин 250 жылдыгына байланыштуу салтанатка катышып, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Бул тууралуу 22-январда өлкөнүн тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Ломоносов атындагы окуу жайдын салтанытына Бишкектеги Улуттук университеттен да делегация катышат.

22-январда Бишкекте Надежда Крупская атындагы драмалык театрында Ломоносов университетинин 250 жылдыгына арналган концерт болду. Концерт Кыргызстандагы Россиянын элчилиги жана кыргыз-орус билим берүү академиясынын демилгеси менен уюштурулду.

XS
SM
MD
LG