Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Бишкекте нааразылык акция улантылды.


БИШКЕК. 22-январда Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык акция улантылды. Пикетке Кыргызстандын мурдагы элчилери Роза Отунбаева менен Мамбетжунус Абыловдун укуктарын коргоо боюнча түзүлгөн Комитеттердин мүчөлөрү, Бишкек, Талас, Ош облусунун тургундары чыгышты. Алар “Кыргызстандын мурдагы элчилерине парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилсин”- деп талап кылышууда. 30га жакын пикетчи бул күнү да Кыргызстандагы парламенттик шайлоо акыйкат, адилет өтсүн деген мазмундагы плакаттарды кармап турушту. Пикетчилер ошондой эле президент Аскар Акаевден парламент тарабынан 20-январда кабыл алынган Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү аркылуу экс-элчилердин шайлоого катышуусуна жол берген мыйзамга тез арада кол койушун талап кылып жатышат. 23-январда нааразылык акция улантылат.

XS
SM
MD
LG