Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

КОНЦЛАГЕР ТУТКУНУ - ТАТЬЯНА НАЗАРОВА


Бүбүкан Досалиева, Бишкек. http://gdb.rferl.org/28449357-2113-4DFA-A895-5D6479642B80_w203.jpg Бишкек шаарынын 70 жаштагы тургуну Татьяна Назарова Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы жылдарында фашисттик Германиянын баскынында калган Ростов облусунун аймагындагы Сандату деген шаардагы концлагерде үч жыл туткун болгон. Молдавияда врач болуп иштеген ата-энеси согушта курман болгондон кийин ал көп балдар менен бирге концлагерге камалган. Татьяна Назарова менен кабарчыбыз Бүбүкан Досалиеванын маегине назарыңыздарга сунуш кылабыз.

-Tатьяна айым, сиз канча жашыңызда, кандай жагдайда Германиянын концлагерине түшүп калдыңыз? Ал жерде канча жыл болдуңуз? Ошол жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:- Биз Молдовияда турчубуз. Молдовия СССРдин карамагына өткөндөн кийин 1941-жылы согуш башталды. Энем врач, атам хирург болчу. Аларды дароо согушка чакырышты. Согуштун башында курман болгондор абдан көп болду. Жарадар жоокерлерди машиналарга салып башка жакка эвакуация кылып жатканы эсимде. Мен алты жашта эле болчумун. Бир күнү энемди атып салышты. Мен кыйкырып жатканда энемдин Оля Исаева деген врач жолдош кызы мени кармап калды. Андан кийинкиси жакшы эсимде жок. Бир гана Ростов облусуна барганыбызды, анан Сандату деген шаарга барганымды билем. Анан ошол жердеги концлагерге түшүп калдым. Мен бала болчумун да эмне деген концлагер экендигин деле жакшы билбейм, мына бул сол колумдун билегине чегилген 13 деген номеримди гана билчүмүн. Ал жерде 3 жыл болдум. Аны эстегим деле келбейт.Ал жерде дайым кыйкырык-чуу, тозок болчу. Дайыма сабашчу, өлгөнчө сабашчу. Балдарын энелеринен ажыратып алып кетип сабашчу. Биздин барак чоңдордун барагынын жанында болчу. Ал жерде да дайыма кыйкырык-чуу, ый токточу эмес. Анан Оля эжени өлтүрүп салышты. Аны чоңдордун барагына ыргытышканын, анан анын оозу-мурдунан кан кетип жатканы эсимде…Ага чейин энемдин жолдош кызы Оля эже мени дайыма жашынтып, куткарып калчу. Себеби, менин өңүм еврейге абдан окшош да. Ал жерде кишилерди өрттөгөн крематорий бар болчу, газ менен ууландырган да жер бар болчу. Ал жакка дайыма балдарды алып кетишчү. Бирок, кайра кайтып келишпегендиги жакшы эсимде.

- А үч жыл бою эмне менен тамактанып,кантип күн көрдүңүз?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:-Албетте, бизге итке бергендей тамак беришчү.Биз дайыма ачка жүрчүбүз. Азыр эсимде, кара нан, картошка, анан ботко беришчү. Биз эмес чоңдор ачкасынан кыйкырып турушчу, биз коркконубуздан эмне кылаарыбызды деле билчү эмеспиз. Узун барактарда жатчубуз. Баарыбыз кир, котур болчубуз. Ошон үчүн бошотулгандан кийин көп балдар өлүп калышты. Барактарда ушунчалык көп адамды камашчу. Ушунчалык көп, арасында жарадарлар көп болчу.

- Түн ичинде ачкадан же оорудан өлгөндөр көп болсо керек?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:-Албетте, сөөктөрдү эртең менен ташып кетишчү. Арабаны алып келишет да, ага өлгөндөрдү тоголотуп салып алып кетишчү.

- Балдар концлагерде эмне кылышчу эле? Иштешчү беле?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:-Чоң кишилерди иштеткенге көп алышчу. Балдарды да бир жактарга алып кетишчү. Көп балдарды Германияга алып кетишчү. Айрыкча бир-эки жаштагы жаш балдарды алып кетишчү. Кийин мени менен бирге концлагерде болгон, бирок менден жашы улуурак Маруся деген кыз «балдарды алып барып терисин сыйрып, абажур, кол кап жасашчу» деп айтып калчу. Эми мен бала болчумун да, бир гана коркунуч жүрөгүбүздү алып турганы эсимден кетпейт

-Ошол коркунуч өмүр бою эсиңизде калса керек?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:-Өмүр бою коштоп келатат. Алар киши эмес. Силер согушту көргөн жоксуңар да… Эмне кылышканын билбейм ошон үчүн мен өмүр бою тишсиз калдым … Бала кезимде болгону тишимдин дүмүрлөрү эле бар болчу. Анан 18ге чыкканда таптакыр тишим жок калган …

-А эмне үчүн сол билегиңизге 13 деген эн тамга салышкан? Балдардын аты-жөнүнөн эмес катар номуру менен эсептечү беле?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:-Ал жерде атайын отуруп, номур коюп жазышчу.Ар бир баланы белгилешчү, алар деген немистер да. Жанагы алып кетип өлтүргөндөрдү чийип салышчу. Тирүүлөрдү эсепке алып турушчу.

- А Кыргызстанга кантип келип калдыңыз? Андан кийин кандай күн көрдүңүз?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:-Бизди бошотоор менен бир жакка алып кетишти. Биз баарыбыз араң жан болчубуз. Мен анда тогузга чыгып калгам.Бизди Борбор Азияга алып кетип, Токмоктогу балдар үйүнө жеткиришти. Баарыбыз жүздөн ашык бала болчубуз. Алып келген күн 18-ноябрь болчу.Ошон үчүн баарыбыздын туулган күнүбүздү 18-ноябрь деп жазып коюшту. Анан биз араң жан болгондуктан ар бирибизди кыргыз аялдарга багууга бөлүп беришти. Азыр эсимде, алардын өздөрүнүн балдары көп болчу. Аялдар бизге талкан, кандайдыр бир сүт,балким бээнин сүтүбү билбейм, ошону берип атып бутубузга тургузушту.Оңолуп калган кезде бизди кайра балдар үйүнө алып кетишти. Мен ошол балдар үйүндө 14 жашка чейин болдум. Ал кезде завод-фабрикаларда жумушчу күчү жетишчү эмес, ошондуктан бизди ар кайсы жакка жумушка бөлүп таратып жиберишти. Бала болсок да Чоң Чүй каналын казганга жиберишчү. Мен адегенде Ленин заводуна, андан кийин кендир фабрикасында иштедим. Анан турмушка эрте чыгып, эркек бала төрөдүм. Күйөөм жакшы эле көрүнгөн, бирок, түн ичинде уйкусуроо менен басып кетчү элем, ошондон улам ажырашып кеттим. Үйүм же бара турган тууганым жок көрүнгөн жерде жүрүп, бир батир таап кирип дүкөндө иштеп калдым. Ал жерде көз боемочулар мени акча жеп алды деп сотко беришип, 15 жылга кестирип, Ташкенттин жанындагы Жаңгата деген түрмөгө жиберишти. Ал кездеги Фрунзенин прокурору Гаршенин деген адам жалган жалаа менен кесилгенимди аныктап, үч айдан кийин мени бошотту. Фрунзеге кайтып келгенде барар жерим жок көрүстөндө түнөгөн күндөрүм да болду.

- Эми азыр концлагердин туткуну катары жеңилдик аласызбы?

ТАТЬЯНА НАЗАРОВА:-Кайсы жакка кайрылсам да концлагердин туткуну экенимди билдирген күбөлүк кат алып кел дешет. Бир да тууганым жок болсо мен аны кайдан табам. Бизди Токмоктогу балдар үйүнө алып келгендерин билдирген тил кат беришти. Ал эми менин чыныгы атым Костонец Тагира экендигин Иван Гаршенин деген бир адам кийин айтты. Ал эбак эле көз жумган. Мен концлагерде болгонумду, анын негизинде жеңилдик берилеби деген каттарды Михаил Горбачев бийликке келгенде, Берлиндеги дубалды талкалашканда бардык жерге жаздым. Бирок, эч ким жеңилдик берген жери жок.Токмоктогу балдар үйүнө кимдер гана келбеген деп коюшат…

- Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG