Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ: ӨГҮЗ ӨЛБӨ, АРАБА СЫНБА


Сапар Орозбаков, Бишкек. 1996-жылы жанданган өлкөдөгү экономикалык өнүгүү айыл чарбасынан башталган болчу. Статисткалык маалымат боюнча ал 90-жылдардын экинчи жарымында жылына 5% кем эмес өсүш турган. Бирок акыркы 4-5 жылда айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрү көп өндүрүлүп, аларды сатып өткөрүүү кыйындагандан кыйындай баштады. Ушуга байланыштуу «айыл чарбасы жетер чегине жетти, анын келечеги жок» деген сөздөр айтыла баштады.

Советтер Cоюзу убагында Кыргызстан эгинди Казакстандан, картөшкөнү Сибирден, кээде ал тургай Польшадан ташып келчү. Жада калса мал киндиктүү Кыргызстанда эт да тартыш болуп келген. Ошого байланыштуу «Кыргызстан тамак-аш продуктылары менен өзүн өзү камсыз кыла албайт» деген түшүнүк кеӈири тарап кеткен болчу. Бирок жер дыйкандарга бөлүп берилгенден кийин, дыйкандар жер тытып эле калышты. Мурда айыл чарба продукциясы жетишпесе, азыр, тескерисинче, ашык өндүрүү деген проблема пайда болду. Ушу күнү дыйкандар маӈдай тери менен өстүрүп алган картөшкөсүн жана тамекини сатып өткөрө албай убара болууда. Буга байланыштуу «айыл чарбасы өзүнүн жетер чегине жетти, ал андан ары өнүгө албайт» деген сөздөр айтыла калып жүрөт:

-Айыл чарба продукциясына суроо-талап болбосо, ошондой эле аны кайра иштетүү жолго коюлбаса, келечекте айыл чарбасынын өсө албасы анык болду-
дейт экономика өнүгүү министри Аменгелди Муралиев.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жолго салмайын айыл чарбасына кыйын болот деп эсептеген өкмөт бул багытта колунан келген аракетин жасоодо. Ал мындан 3 жыл мурда кайра иштетүү тармагын өнөр жай министрлигинен алып, айыл чарба министрлигине өткөрүп берди. Өкмөттүн оюнча, анын ага кызыкдар болгон айыл чарба министрлигинде болуусу кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Өкмөт башчы Николай Танаевдин айтуусунда бул иш азыр өз жемишин бере баштады:

-Айыл чарба продукциясы өстү. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү да өстү. Быйыл кайра иштетүү тармагында олуттуу өсүү бар. Түштүктө да, түндүктө да айыл чарба продукциясын кайра иштеткен көп ишканалар ачылды -деди Николай Танаев журналисттер үчүн өткөргөн маалымат жыйындардын биринде.

Бирок эл аралап, элдин ичинде жүргөн депутаттар өкмөттүн жана айыл чарба министрлигинин бул багытта жүргүзгөн ичине ичи чыкпасын айтышат:
-Өндүрүлгөн продукцияны жеринде иштете турган чакан ишканаларды ачуу багытында иш жокко эсе. Ысыккөл областында жылына 500 миӈ тоннадан ашык картөшкө өстүрүлөт. Айыл чарба министрлиги тарабынан маркетиӈ кызматын түзүп, башка өлкөлөр менен сүйлөшүү жүргүзүү, айыл чарба продукцияларды сатып өткөрүү боюнча эч кандай аракет жасалган жок. Мына карап көрүнүз: төөбуурчак - проблема, тамеки проблема, пахта проблема –дейт депутат Жуман Аккулуев.

Кыргызстандын элинин 60% айыл жеринде жашап, мал багып жана дыйканчылык кылып күн көрөт. Айыл чарбасынын келечеги жок деген сөз ушул эдин турмушу оорлойт дегенге барабар. Бирок айрым адистер айыл чарба продукциясы ашык өндүрүлүп жатат дегенге принцибинде кошулбайт. Алар «бир продукциянын ашыкча өндүрүлгөнү өкмөттүн дыйкандарга туура багыт бере албаганын болуп жатат, өлкөдө азыр да жетишпеген айыл чарба продукциялары бар, демек айыл чарбасы өзүнүн чегине жете элек» деп эсептешет:

-Биздин республикада жыл сайын тамак-аш прродуктыларын 60% сырттан импорттолуп келет. Бир жылы картөшкө ашык болуп калса эле, айыл чарба продукциясын өтө көп өндүрүп жибердик деген болбойт да – дейт Кыргыз улуттук университетинин профессору Айылчы Сарыбаев.

XS
SM
MD
LG