Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

ШИНЖАНДА МИНИ-АВТОБУС ЖАРЫЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Бейшемби 20-январда Кытайдын Шинжан провинциясынын түндүк чөлкөмүндө автобус жарылып, андан 12 киши курман болду. Кытайдын маалымат каражаттары бул окуяга жардыргыч заттарды этиятсыз пайдалануу түрткү болгон дешсе, Кытай бийликтери жардыруу уйгур сепаратисттеринин колунан келди , деп божомолдойт.

Кабар агенттиктердин маалымдаганына караганда, окуя Шинжан провинциясында Карамай деген шаар менен менен Усу деген жердин ортосунда болгон. Жүргүнчү ташыган мини-автобус кара жол менен баратып эле капилеттен жарылып,бир заматтын ичинде быт-чыты чыгып кеткен. Кабар агенттик, жарылуудан 8 киши ошол эле замат мерт болуп, дагы төртөө оор жараттардан ооруканадан көз жумганын билдирет. Андан сырткары дагы эки киши оор абалда жаткандыгы маалымдалат.

Италиянын "Ла Стампа" деген гезитинин Пекиндеги кабарчысы Францеско Сисси Кытайдын маалымат каражаттары бул жардыруу жөнүндө жарытылуу кабар бербегенин билдирет.

Биз бул окуяга бомбанын жарылышы себеп болду деп айта албайбыз. Кытайдын маалмат агенттиктери бул жөнүндө кыскача гана кабар беришти. Окуянын майда-чүйдөсүн билбейбиз,- дейт Францеско Сисси.

Францеско Сисси автобустун жарылып кетүүсүнө жардыргыч затты этиятсыз пайдалануу себеп болгонун божомолдойт.

Карапайым кишилердин жардыргыч заттарды алып жүргөнү Кытайда кадырэсе көрүнүш. Анткени калк жардыргычтарды ар түрдүү максаттарда кен тармагынан баштап, фейерверк аттырганга чейинки көптөгөн тармактарда пайдаланышат. Жардыргычты баардык жерден сатып алса болoт,- дейт кабарчы.

Ал эми АФП кабар агенттигинин кабарчысы, Лондондогу "Эмнести Интернашинел" деген укук коргоо уюмунун Кытай маселелери боюнча иштеп жаткан тобунун өкүлү Марк Аллисон Кытай бийликтери окуянын артында уйгур сепаратисттери тургандыгынан шектенип жатканын айтат.

Кытай ушуга окшогон ар бир окуяны, ал тургай, өкмөттүн көз карашына төп келбеген ойду билдирүүнү уйгур сепаратисттерине, же "террористтерге" жаба салууга даяр. Ушундай окуялардан улам миңдеген кишилерге "сепаратист" деген мөөр басылып, сандаган кишилер түрмөгө камалды,- дейт Марк Аллисон.

1990-2001- жылдардын ортосунда Шинжан провинциясында буга окшогон 200дөй окуя болгон, анын үчөөндө жүргүнчү ташыган автобустар жарылып, андан 9 киши курман болгон. Бул окуялардын баарында тең Кытай өкмөтү уйгур сепаратисттерин айыптап чыккан. 1955-жылы автономдуу провинция деп жарыяланган Шинжан Кытайдын эң кедей аймактарынын бири. Региондун 17 жарым миллион кишиден турган калкынын 40 процентинен кем эмесин кан-кытайлар түзөт.

Кытайда иштеп жаткан чет элдик кабарчылар буга окшогон жарылууларга эмне себеп болгонун аныктап билүү дээрлик мүмкүн эмес экенин белгилешет. Анткени иликтөө жашыруун шартта өткөрүлүп, кине тагылган адамдар адвокат алып коргонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт. Айыпталган адамдар тергөө учурунда келтек жеп, коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болушат.

- Уйгурлардын өз улуттук асыл-нарктарын коргогон баардык аракеттери, мисалы: балдарга мусулманчылыктын эрежелерин үйрөтүү, кененирээк автономияга ээ болуу сыяктуу мүдөөлөрү камакка алуу, кыйноо жана түрмөгө кесип ийүү менен айоосуз жазаланат,- дейт Алиссон.

XS
SM
MD
LG