Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

HUMAH RIGHTS WATCH: КЫРГЫЗСТАН АВТОРИТАРИЗМГЕ ООП БАРАТАТ


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек. Укук коргоочу Human rights watch эл аралык уюму январь айынын ортосунда КМШ өлкөлөрүндөгү адам укугунун өткөн жылдагы абалы тууралуу баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кыргызстан реформага караганда, авторитардык үстөмдүккө көбүрөөк ыктап баратканы белгиленген. Эл аралык укук коргоо уюмунун бул баасы чындыкка канчалык дал келет?

Human rights watch уюмунун баяндамасында белгилегенге караганда, бир катар шериктеш өлкөлөрдө адам укуктарына байланышкан жагдай начарлап кетти. Уюм алардын ичинен Кыргызстанда бийликтин өкүмү күчөп, өкмөт саясий күрөшкө, жарандык коомдун өнүгүшүнө мүмкүнчүлүктөр чектелип жаткандыгын белгилеген. Эл аралык уюмдун мындай баасы коомчулукта ар кыл көз караштарды жаратып жатат.
Маселен, «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун айтымында Human rights watch адам укуктары боюнча кылдат жана калыс иликтөө жүргүзгөн абройлуу уюм. Ошондуктан, бул уюмдун тыянагы шек туудурбайт:

- Булар АКШ өкмөтүн деле сынга алып жүрүшөт. Кыргыз өкмөтүн да сынга алып атышат. Ошондуктан, бул эң калыс, жогорку деңгээлдеги биздин азыркы учурга, демократиянын деңгээлине, Кыргызстандын саясатына берген пикири, албетте, эң калыс баа деп эсептейм.

Көз карандысыз аналитик Токтогул Какчекеевдин баамында:

- Чындыгында бүгүнкү күндө авторитардык жол орун алмак түгүл, өнүп келаткан демократияны мыкчып турган убагы.

Бирок, Кыргызстандын расмий бийлиги эл аралык уюмдардын адам укуктарына байланышкан сын-пикирлерин чындыктан алыс баа катары санап келишет. Акыркы ирет президент Аскар Акаев ушул өңүттөгү оюн өткөн жылдын этегинде донор уюмдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирип, эл аралык уюмдарга иликтөө ыкмасын өзгөртүүнү сунуштаган. Президенттин пикиринде Кыргызстанда демократия эл аралык нормаларга ылайык өнүгүүдө:

- Мурда демократия үчүн оң-солдогу сынга, жөнү жок асылууларга чыдап, дээрлик жалгыздап, аз санда күрөшүп келсек, азыр демократиянын иши көпчүлүктүн энчиси болуп калганын мен канагаттануу менен көрүп турам, - Акаев жакында өкмөт үйүндө өткөн жыйындардын биринде.

Ал эми мындан эки күн мурун «Кыргызстан – адам укугунун өлкөсү» деген идеянын ишке ашышын талдаган өкмөттүк жыйында адилет министри Нэйля Бейшеналиева Кыргызстанда саясий укукту, эркиндикти камсыздоо багытында өлкөдө арбын иш жасалды деп белгиледи.

Бирок, эл аралык уюм өз отчетунда КМШ өлкөлөрүндө жүрүп жаткан реформада жасалмалуулук бар деп эсептейт. Анын далили катары соттордун, маалымат каражаттарынын аткаруу бийлигине көз карандылыгын, шайлоодогу мыйзам бузууларды, оппозицияга кысым көрсөтүүнү, коррупциянын орун алышын, мамлекеттик кызматчылардын жазаланбай жатышын келтирет.

Айрым кыргызстандык саясатчылар болсо эл аралык уюмдар иликтебеген күндө деле Кыргызстандагы өксүктөр алаканга салгандай эле көрүнүп турат дешет. Маселен, алардын бири, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрага орун басары Кубатбек Байболов коррупцияга каршы күрөш маселесине байланыштуу берген маалымат жыйынында минтип билдиргени бар:

- Болуптур, эл аралык уюмдардын иликтөөсү анчейин туура эмес болуп атыптыр.
Биз өз көзүбүз менен көрүп атпайбызбы, канча акча каякка кетип атканын, кайсы тармактан кандай миллиондор уурдалып атканын, энергетикада эмне болуп атканын, бажыда эмне болуп атканын биз өз көзүбүз менен көрүп атпайбызбы, катыгүн.


Ал эми «Атажурт» кыймылынын төрайымы, экс-элчи Роза Отунбаева:

- Бул режим абдан коррупциялашкан режим. Булардын баары канчаны жеди, ичти, алды, ошонун баарына жооп беришсин элге - дейт.

Экс-элчинин оюнда Кыргызстанда расмий бийлик адам укуктарын басмырлап жатат.

Human rights watch уюму болсо расмий бийлик саясий күрөштү 2000-жылдагы шайлоодон тарта чектей баштаганын белгилеп, анын далили катары президент Аскар Акаевдин башкы атаандашы Феликс Куловдун учурда түрмөдө отурушун белгилеген.
«Арнамыс» саясий партиясынын лидери, экс-мамлекеттик ишмер Феликс Кулов ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп, 2000-жылы камакка алынган. Феликс Кулов бул жылы парламенттик жана президенттик шайлоого талапкер болгон.
XS
SM
MD
LG