Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Меккеде бүгүн ажылык жана айт майрамы аяктады.


Быйылкы ажылык аяктап, Меккеде бүгүн үч күндүк айт майрамы соңуна чыкты жана шайтанды таш бараңга алуу жөрөлгөсү өткөрүлдү. Бардыгы болуп ажылыкка быйыл эки жарым миллион адам келди. Жергиликтүү бийликти - мынчалык көп адам кайтып баратканда Мина шаарындагы көпүрөгө батабы деген маселе тынчсыздандырууда. Былтыр 250 адам дал ушу Мина шаарында тепсендиде калып өлгөн. Мусулмандарды бүгүн Айт майрамы менен АКШ президенти Жорж Буш куттуктады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG