Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:54

ТАЖИКСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО АДИЛЕТ ӨТӨРҮНӨ ИШЕНИМ АЗ


Замира Кожобаева, Бишкек. Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөөрү күтүлүп жаткан 27-февраль күнү коңшу Тажикстанда да парламенттик шайлоо болот. Тажикстандагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, оппозициячыл саясатчылар жана байкоочулар шайлоо адилет өтөөрүнө ишенбегендиктерин билдирип жатат. «Тажикстандагы юридикалык консорциум» коомдук уюмунун жетекчиси Фаррухшо Жунайдов да ушундай пикирлерди колдоорун билдирип, «Азаттыкка» маек куруп берген. Анда кабарчыбыз Замира Кожобаеванын Фаррухшо мырза менен болгон маеги.

“Азаттык”:
-Фаррухшо мырза, алгач тажик парламенти тууралуу бир аз тааныштыра кетсеңиз?

Ф.Жунайдов:
-Тажикстанда парламент эки палатадан турат. Бирок, негизги орунду ээлеген жана иштерди аткарган- эл өкүлдөрүнөн турган Төмөнкү палата. Анда депутаттар мыйзамдарды кабыл алышып, мамлекеттин мыйзам боюнча саясатын аныкташат. Бул палатанын депутаттары элдин шайлоосу менен бир мандаттык жана партиялык тизме аркылуу шайланышат. 27-февралда болуучу парламенттик шайлоодо да төмөнкү палатага шайлоо болот. Ал эми Жогорку палата жергиликтүү кеңештер аркылуу шайланат.

“Азаттык”:
- Шайлоого даярдыктар кандай жүрүп жатат? Мисалы оппозиция тарабынан? Алардын шайлоого баруусуна бийлик тарабынан бут тосуулар болбойбу?

Ф. Жунайдов:
- Бизде оппозиция алсыз, майда жана чачкын деп айтаар элем. 1999-жылдагы парламенттик шайлоого катышууга оппозициялык күчтөр аракет кылган, бирок ошентсе да, шайланган депутаттардын көпчүлүгү президент башында турган «Элдик демократиялык партиянын» мүчөлөрү болуп чыгышты.
Ал эми келе жаткан шайлоого оппозициялык күчтөр даярдык көрүп, өткөн жылы
эле бириге башташкан. Жыл аягында оппозициялык маанайдагы партиялар «Адилет жана акыйкат шайлоолор үчүн» деп аталган коалициянын алдына баш кошушкан. Менин оюмча бул жолу алар мурункуга караганда ийгиликтерге жетишип, жаңы парламентте оппозициялык маанайдагы же болбосо бийликтен көз карандысыз, чындап элдин кызыкчылыгын коргоочу адамдар болот деп ишенем.
Бирок бийлик колундагы бардык административдик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өзүнүн көз карашын бөлүшпөгөн саясатчыларды жана партияларды каттоодон өткөрбөөгө аракет кылып жатат. Бийлик оппозицияга душмандарындай мамиле жасайт деп айтар элем. Анткени, бийлик өз дарегине кандайдыр бир сын укса, аны туура эмес кабыл алат. Учурда мөөнөтү бүтүп бараткан парламентте деле оппозициялык маанайдагы депутаттар жок, болгон эмес. Бирок биздин коомчулукта оппозициялык күчтөр бар. Өздөрүнүн экономикалык прогаммаларын сунуштай ала турган, мамлекетти башкаруу жана тышкы жана ички саясатты жүргүзүү боюнча өзгөчө көз караштары бар конструктивдүү оппозиция бар. Бирок тилекке каршы, алардын мүмкүнчүлүктөрү жок, пикирин айтып чыгар трибунасы жок. Тажикстандын мыйзамдарында демократия, сөз, ишкерлик эркиндиги жана башка эркиндиктер тууралуу жазылып турганы менен, иш жүзүндө бийлик бул эркиндиктердин баарына бут тосууга аракет кылат. Мисалы, бүгүнкү күндө Тажикстанда маалымат каражаттарына бийликтин монополиясы бар. Бардык электрондук жана басма сөз каражаттары, радио, телекөрсөтүү, ал тургай гезиттер басылуучу басмаканалардын баары мамлекеттин колунда. Ал эми айрым бир эркин деп саналган маалымат каражаттары өздөрүн ичтен цензуралап жашайт. Алар бийликти сындоодон коркушат. Кээ бир коркпой сындаган эркин гезиттерге бийлик тарабынан өткөн жылы ар кандай чаралар көрүлдү. «Неруи Сухан», «Рузи нав» деген гезиттердин редакторлоруна башкы прокуратура тарабынан президентти, өкмөттү сындагандыгы үчүн эскертүү берилген. Ошол эле учурда башкы прокуратура Тажикстандын баш мыйзамында сөз эркиндиги тууралуу берене бар экендигин эсине алгысы келбейт. Кыскасы мунун баары Тажикстанда эркин аракет жасоонун, өз оюңду эркин чагылдыруунун, деги эле демократиянын жок экендигин ашкерелейт.


“Азаттык”:
-Тажик коомчулугунда шайлоонун адилет өтөөрүнө канчалык деңгээлде ишеним бар?

Ф. Жунайдов:
-Чындыгын айтсам, шайлоонун адилет жана ачык өтөөрүнө үмүт бар. Бирок бул үмүт гана. Анткени акыркы убактарда шайлоо мурунку эле сценарийде, бурмаланган акыбалда өтөрүнө көзүм жетип турат. Бирок мен буга бийликти эмес, ага шайлоону бурмалоого жол берген элдин өзүн күнөөлөйт элем. Анткени биздин эл саясий жактан пассивдүү. Элдин пассивдүү болушуна бийликтин көп күнөөсү бар. 10-15 жылдан бери өлкөдө экономикалык, агартуу жагында эч кандай өсүш болгон жок, коррупция күч алган. Ошондуктан, элдин билими жок, жумушсуз. Чет мамлекеттерде жан багуунун айласын кылып жүргөн жердештерибиздин саны расмий эмес маалыматтар боюнча 1,5 миллионго жетти, алар келе жаткан шайлоого катыша алышпайт. Ушунун баары бийликтин шайлоо жыйынтыктарын каалагандай бурмалап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Ошол эле учурда деги эле элдин шайлоого укугу барбы деген суроо туулат. Анткени бийлик өзүнө керек учурда өздөрүнүн пайдасы үчүн, мисалы президенттин бийлик мөөнөтүн узартуучу референдумда, шайлоолордо 96-98% менен бийликтеги адамдын же партиянын жеңишин камсыздап чыга келет. Мындай көрүнүш Борбор Азия аймагынын бардык өлкөлөрүндө болуп жатканы өкүнүчтүү.


“Азаттык”:
-Мурунку союздук республикалардын ичинен бийлик алмашуу Грузияда роза, андан кийин Украинада кызгылт-сары түстөгү төңкөрүштүн натыйжасында болду деп айтылып жүрөт. Эми кезек Борбор Азияга, анын ичинде алсак, Тажикстанга келүүсү мүмкүнбү, кандай ойлойсуз?

Ф. Жунайдов:
-Мен бул суроого Тажикстандык бир жаш саясатчынын сөзү менен жооп бергим келип турат. Ага ушул сыяктуу суроо беришкенде минтип жооп берген эле: «Биринчиден, бизде Шеварднадзе жана Кучма сыяктуу бийликти өз эрки менен өткөрүп бере турган адамдар жок. Экинчиден, эгер төңкөрүш болсо-ал кочкул кызыл түстө гана болушу мүмкүн, башкача айтканда кансыз бийлик алмашуусу кыйын. Анткени биздин саясатчылар бийликке келет, бирок кетпейт. Демократиялык өлкөлөрдөгү бийлик алмашуу принциби бизде эч качан сакталбайт.»
XS
SM
MD
LG