Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Кыргызстан элдик кыймылы түз телефон байланышын ачты


БИШКЕК. Кыргызстан элдик кыймылы шайлоо өнөктүгү учурунда ар кандай мыйзам, укук бузууларды каттоого алуу жана аларга каршы чара көрүүгө аракет кылат. Ал үчүн кыймылдын Бишкектеги штабында түз телефон линиялары ачылды. Шайлоочулар 21-69-04 жана 21-19-61 телефон номерлерине чалып, мыйзам бузуулар, ар кандай кысымдар боюнча маалымдай алат.

Кыймылдын жетекчилиги ал маалыматтарды каттап эле тим болбой, аны эларалык коомчулукка, маалымат каражаттарына жеткирүүгө аракет кылат. Бул тууралуу Кыргызстан элдик кыймылынын штабынан маалымдашты.

XS
SM
MD
LG