Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

ЮЩЕНКО АНТ БЕРДИ, КЫРГЫЗСТАНДАН ПИКИРЛЕР


Чолпон Орозобекова, Бишкек 23-январда Виктор Ющенко Украина президенти катары ант берди. Бул аземге 64 мамлекеттин ырасмий өкүлдөрү катышты. Борбор Азия өлкөлөрүнөн спикер жана вице-премьер-министр деңгээлинде өкүлдөр барды, бирок Кыргызстандын мамлекеттик бийлигинен ал аземге атайын бирөө-жарым барып катышкан жок. Байкоочулар мамлекет башчысы Аскар Акаевдин Ющенкону эң соңку болуп 22–январда куттуктаганын белгилешүүдө.

Президент Акаев Виктор Януковичти алгачкылардын катарында куттуктаган. Ал эми Виктор Ющенкону соңкулардан болуп куттуктап, ишембиде араң телеграмма жөнөтүп отурат.

Ага чейинки сөздөрүндө Кыргызстандын президенти Грузия менен Украинадагы ыңкылаптарды «сары тумоо» катары сүрөттөп, байма-бай сынга алып келатканын белгилей кетүү керек.

Кыргызстандын ырасмий бийлик өкүлдөрүнөн Украина президентинин кызматка киришүү ырасмиси тууралуу пикирин билүү аракетибиз майнапсыз болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев дүйнөлүк коомчулук менен катар Кыргызстан да Виктор Ющенкону Украинанын мамлекет башчысы катары тааныды деген ойдо.

Виктор Ющенконуну ант берүү аземине Кыргызстандын Украинадагы элчиси Эсенгул Өмүралиев катышты. Борбор Азия мамлекеттеринин бир катары бул аземге атайын ырасмий делегация жөнөткөн Тажикистандан Тышкы иштер министри Талбак Назаров, Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Урал Мухамеджанов, Орусиянын Федералдык кеңешинин төрагасы Сергей Миронов, Өзбекстандын премьер- министринин жардамчысы Усманов мырза барды.

Көпчүлүк талдоочулар кыргыз бийлиги өз өкүлдөрүн жөнөткөнү оң болмок дешет. "Демократия жана атуулдук коом үчүн" коалициясынын лидери Эдил Байсалов бул күндү тарыхый күн деп санайт:

- Авторитардык режим канчалык күчтүү жана катуу экенине карабастан акыйкаттык менен эл жеңеринин далили болуп калды. Бул - Укрианын гана жеңиши эмес, бүтүндөй постсоветтик мамлекеттердин жеңиши деп ойлойм. Бул чоң тарыхый окуя, андыктан кыргыз бийлиги көкбеттенбей эле дүйнөлүк коомчулук менен катар эчак эле куттукташы керек болчу. Украиндер бизге чоочун эл эмес.

Украинадагы кырдаалга келгенде кыргыз бийлиги Орусиянын кабак-кашына карап чечим кабыл алууда дешет айрым саясатчылар. Президент Аскар Акаевдин Виктор Януковичке кутттуктоо жөнөткөнүн өтө чоң саясий ката жана Орусия бийлигине жасаган кошоматчылыгы катары баалашкан. Андай пикирдеги саясатчылардын бири - Кыргызстан демократиялык кыймылынын лидери Жыпар Жекшеев кыргыз бийлигинин туруксуздугу дагы бир ирет далилденди деген ойдо:

- Кыргызстанда дипломатия деген барбы өзү? Мамлекет башчынын жеке туруму деген болушу керек да. Орусия бийлиги соңку учурда чоң саясий каталарды кетирип жатат. Ага карабастан Аскар Акаев Орусияны айланчыктап, кошоматчылык кылып атканы даана эле көрүнүп турат. Виктор Ющенкону акыры дүйнөлүк коомчулуктан уялагынан куттуктады, мына ушунусу менен да өзүнүн туруксуздугун дагы бир жолу көрсөттү.

«Ысыккөл инвестбанктын» жетекчиси Болот Байкожоев Украинада акыры демократия жеңип чыкты деген оюн «Азаттыкка» билдирди. Анын пикиринде, украина эли абдан туура чечим кабыл алып, накта демократиялык үлгү көрсөтө алды.

Айрым серепчилер Украинадагыдай ыңкылап Борбор Азия өлкөлөрүндө да болот деген божомолун айтып жатышат. Президент Аскар Акаев өз кезегинде калайык калкты Батыштан экспорттолуп жаткан ыңкылаптарга каршы турууга чакырган.

Атуулдук коомдун өкүлдөрү Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда да Украинадагыдай демократиялык жараян болоруна үмүт артышат. «Деморкатия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсалов мындай демократиялык толкун Кыргызстанга да келип, өлкөдө акыры атуулдук коом түзүлүп, демократия орнойт деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG