Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

АЖЫ ЗЫЯПАТЫНЫН ТАРЫХЫНАН КЫСКА СӨЗ


Амирбек Усманов, Прага Дүйшөмбү күнү ыйык Меккеге чукул жердеги чатырлардан курулган Мина шаарында ажы зыяпаты башталды. Быйыл мусулманчылыктын беш парзынын бири эсептелген ажы парзын сакыт кылуу үчүн Мухаммед алейсалам өмүрүнүн акыркы айлары кыдырып табынган жайларга зыярат кылганы 2 миллион чамалуу адам келди. Ислам дининде парз болгон ажы сапарын акчалай мүмкүнчүлүгү бар жана ден соолугу жакшы ар бир момун мусулман өмүрүндө бир жолу аткарышы абзел.

Ажы зыяпаты байыркы Меккедеги Улуу мечит же Харамдын ортосундагы ыйык сагана - Каабаны тегеренип, тооп кылуу менен башталып, ушул жерден аяктайт.

Ибрагим пайгамбар уулу Ысмайыл экөө курган сагананын каптал бетиндеги жерден 1,5 метрдей бийикте орнотулган Кара ташка толкуган элдин ичинен көбүн эсе карылуулары гана маңдайын тийгизип сыйынышат.

Көпчүлүк уламалар ажы зыяпаты эзелтен таза диний жөрөлгө болгонун айтышат. Илимпоздор зул-хижжа айында Мекке шаары соодадан чоң киреше тапканын, зияратчылар арасында да соода-сатык кылган пенделер бар экенин жана ажы каадасынын саясый маанисин белгилешет. Алардын бири - Бейруттагы Ливан университетинин профессору Ризван ас-Сайид:

-Ажы зыяпаты Ибраим пайгамбар доорунан сакталып калган байыркы арабдардын салты жана нукура диний жөрөлгө. Бирок Мухаммед пайгамбар Меккени багынткандан кийин бу салт Исламдын үммөттөрүн бириктирүүчү саясый жана социалдык жөрөлгөгө айланды деп айтса болот.

Ажылык – момун мусулмандарда биримдик сезимин жаратуучу улуу касиетке ээ. Зияратчылар өңү-түсү, байлык-дөөлөтү, кызматы, улутуна карап бөлүнбөстөн, тегиз ак бөзгө - “ихрамга” оронушат. Өздөрүнүн чоң жана көп улуттуу ислам жамааттынын мүчөлөрү экенине ынанышат.

Париждин Морбон университетинин профессору Бурхан Чалояндын пикири:

–Арийне, өзүңдү ислам жамааты сыяктуу чоң коомго таандык деп сезүү мусулман биримдиги жөнүндөгү ойду бекемдейт. Чынында эле ислам дүйнөсү саясый, атүгүл диний агымдарга жиктелип, биримдигин жоготуп бараткан шартта ислам биримдигинин мааниси аябай зор.

XIX кылымда Осмон империясы кризиске кабылганда көпчүлүк мусулман өлкөлөрү чет элдик оторчулардын таман астында калат. Ошол кезде мусулман аалымдар менен жазуучулардын бир тобу ажы мезгилин Батыш өлкөлөрүнө каршы аскерий жана саясый күрөшкө үндөө үчүн пайдаланууга аракет кылышты.

Өткөн кылымдын 20-жылдары Осмон империясы кыйрап, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин акырындап ислам өлкөлөрү күнкорсуздук алган соң ажы маалын мусулман айбатын даңазалоочу күчкө айлантуу идеясы ишке ашпай калды. Ас-Саиддин кеби:

- Саудилер тукумунун үстөмдүк кылган Сауд Арабиясы түзүлгөндөн тартып, ажы зыяпатын саясый жыйынга айлантуу аракети мамлекеттердин чегинен чыкпай ишке ашпай калды. Ажы зыяпаты кайрадан таза диний жөрөлгөгө айланып, ар кандай саясый жана маданий маанисин жоготту.

1970-80-жылдары Иран бийликтери ажылык учурунда Кошмо Штаттарына каршы нааразылык акцияларын өткөрүп, антиамерикалык маанайды зияратчылар аркылуу мусулман дүйнөсүнө таратууга бир нече жолу аракет кылып көрдү.

Бирок Бурхан Чалоян белгилегендей, АКШ менен жакшы алакадагы Сауд өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүп, Меккеде саясый ташбыйкаттоо иштерин өткөрүүгө жол бербеди:

- Менин байкашымча, ислам мамлекети же революциясы деген ураанды чакырган бардык ислам кыймылдары, атап айтканда, Аятолла Хомейнинин тарапкерлери диний жөрөлгөну саясый ишке айлантууга тырышты. Эң алды Сауд падышалыгы ажы маалында саясый талаптар менен чыгууга жол бербей, ага каршы чечкиндүү күрөштү. Ошондой эле, ислам өлкөлөрү ажылык маалында саясый демонстрациялар болбосун деген мунасага келишти.
XS
SM
MD
LG