Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

ШАЙЛОО: АЯЛДАР ДА ӨЗ БАКТЫСЫН СЫНАП ЖАТЫШАТ


Кыргызстандын 105 депутаттан турган эки палаталуу мурунку парламентинде жети аял бар болчу. Алардын үчөө партиялык тизме менен келишкен. «Аялдарга колдоо» борбору БУУнун Өнүгүү программасынын алкагында аялдардын парламенттик шайлоого катышуусун жана алардын марага жетүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыккан. Жыйынтык көгөзгөндөй бул жолу да аял-депутаттардын саны мурдагыдан ашпайт.

Коомдо дагы эле аял эң ириде эне, тарбиячы болуп, үйдүн очогун жылуу кармашы керек деген көз караш салмактуу. Ал тууралуу жогоруда аталган социологиялык иликтөөгө катышкан философия илимдеринин доктору, Гендердик маалымат борборунун социлогдор тобунун жетекчиси Мариям Эдилова мындай дейт:

-Эл арасында баягы эле гендердик стереотиптер катуу роль ойнойт. Себеби коомдо аял жөнүндө мурдатан калыптанып калган баягы эле «аял үйдө олтуруш керек, аял үйдүн куту, аялдын дүйнөсү үй, ал эми эркектин дүйнөсү бүткүл дүйнө» деген пикир, көз караш катуу. Ушундай көз караштардын таасиринен улам аялдардын парламентке аз келиши толук мүмкүн.

Социологдордун иликтөөсү боюнча аялдардын парламенттик шайлоого катышуусуна карата коомдо жаңы бир көз караш пайда болду. Мариям Эдилованын баамында, ал улуттук менталитет менен тамырлаш.

Маселен, коомдук-саясий көрүнүштөргө көз карашы бар, билими, табият берген дарамети жетиштүү аялдардын бири шайлоого катышууну каалап, туулган жерине же кайындарына кайрылса, төркүндөрү кыргыз элинин төл сөзү менен айтканда «чыккан кыз чийден тышкары» деген мамиле кылышкан. Ал эми кайындары болсо өз ичинен чыккан уулдарына добуш берүүнү жөн көрөрү байкалды:

-Келинге караганда өз уулдарыбызды, кулундарыбызды колдойлу деген көз караш бар. Себеби келинге караганда кыз, кызга караганда уул, эркек балабыз алдыга жылсын деген түшүнүк басымдуу. Ушул көрүнүш келин-кыздардын шайланышына кедерги болот.

Бул жагдайдан алып караганда талапкерликке көрсөтүлгөн 464 адамдын кырк төртүн түзгөн айымдардын канчасын кайындары менен төркүндөөрү колдоорун билүү кызык.

Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын айтымында, добуш берүүдө улуттук менталитетке байланышкан бул көрүнүш салмакка ээ болбойт. Бул жердеги башкы тоскоолдук - аялдардын өз ара тилектештиги менен биримдигинин жоктугу:

- Улуттук менталилет эч кандай тоскоол болбойт. Аялдардын өз ичинде да аялдарды колдойлу деген анча-мынча аялдык ар намыс болуш керек да. Өздөрү колдобойт да, анан кайдан шайланат?

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов мындай ойлорго макул эмес. Анын көз карашы боюнча коомдун аялдарга ишеним көрсөтүүгө аң-сезими жетилип калды:

- Шайлоого абдан таанымал, саясатта күчтүү, тажрыйбалуу кыздарыбыз катышууда. Ошондуктан 75 депутаттын ичинен кеминде жети-сегизи аял болуш керек. Анткени акыркы жылдары аялдардын саясаттагы орду, гендердик тарбия боюнча көп иш-аракеттер жүргүзүлүп, бейөкмөт уюмдардын көбүндө аялдар иштеп жатат. Ошондуктан эл аялдарга ишеним көрсөтөт болуш керек.

Талапкерликке көрсөтүлгөн айымдардын арасында өз изин тапкан ишкери, элге таанымал журналисти, мамлекеттик бийликте иштегени жана бейөкмөт уюм жетекчилери бар. Булардын ондон ашыгын саясий партиялар көрсөткөнү менен өзүн-өзү талапкер кылып, элге чындап кызмат кылайын дегендери да жок эмес.

Мурдагы парламенттеги жети депутат айым да азыркы талапкерлердин арасында. БУУнун Өнүгүү программасы баштаган эларалык уюмдардын Кыргызстанда гендердик саясатты өркүндөтүп, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына айымдарды көбүрөөк тартуу аракети кыргыз элинин кыздан уулду артык көрүү мамилесин басаңдаттыбы же жокпу ал - бир айга жетпей анык болот.
XS
SM
MD
LG