Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:45

Иран, Ирак, АКШ жана башка өлкөлөрдө табият сыр көрсөтүүдө


Өткөн түнү калың жааган кар Ирандын түндүк аймактарындагы жүздөгөн кыштактарды, ошондой эле Күртистан провинциясын тыш дүйнөдөн бөлүп салды.
Кээ бир аймактарды электр кубаты жана суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап, мектептер убактылуу жабылды.
Тегеранды түндүктөгү Каспий деңизи менен туташтырган жолдордо автоунуулардын каттоосу токтоду.
Ирандын метерология кызматынын маалымдашынча, Алборз жана Заргоз тоо кыркаларына жылдагыдан көп же 75 сантиметр, ал эми баш калаа Тегеранга 20 сантиметр кар түштү.
Бийликтер кар көчкү болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Ирактын түштүгүндө катуу шамал электр менен камсыздоого зыян келтирип, кечээтен бери мунай сактоочу терминалдар иштебей турат.

Кошмо Штаттардын түндүк чыгышындагы Нью-Йорк жана Мэн штаттарында борошолоп жааган карга байланыштуу бийликтер элди жолго чыкпай турууга чакырды. Нью-Йоркто 30 сантиметрге жетип кар жаады.
Британиянын аэропортторунан Кошмо Штаттардын түндүк чыгышына учактардын учуусу убактылуу токтотулду.
Калың жааган карга байланыштуу Швецариянын Женева шаарындагы аэропорт да жабылды.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Амирбек Азам уулу даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG