Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Россия Түштүк Осетиядагы каршылыш тараптарды мунасага үндөдү


Ырасмий Москва Түштүк Осетиянын каршылаш тараптарына кайрылып, абалды курчутпоо үчүн барымтадагы бейкүнөө адамдарды бошотууну өтүндү.
Түштүк Осетия Грузиянын курамындагы жикчил регион.
Региондо жашаган этникалык грузиндер ишемби күнү жергиликтүү 12 осетинди уурдап кетишкен. Андан мурда осетиндер полициянын эки грузин кызматкерин уурдап алып, кийинчерээк алардын бирөөсүн койо беришкен.
Осетин тарап туткун грузиндерди оор кылмыш жасады деп шектелип, Грузияда абакта отурган кандаштарына алмаштырмакчы.
Грузия президенти М. Саакашвили маселени сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырып, бирок, “кылмышкерлерди” полиция кызматкерлерине алмаштырууга макул болбосун билдирди.

XS
SM
MD
LG