Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

Индонезия: 26-декабрдагы апаатта 228 миң адам набыт болгону тастыкталды


Индонезия өкмөтү бүгүн билдиргенге караганда, 26-декабрда Инди океанында болгон топон сууда 228 миң жаран каза тапкан. Буга дейре табигый апааттан Ачех провинциясында 174 миң адам набыт болду деп айтылып жаткан.

Индонезия өкмөтү жана Ачех провинциясындагы козголоңчулар келаткан аптада Хельсинкиде жолугушат.
Бул жөнүндө Финляндиянын мурдакы президенти Мартти Ахтиссари жетектеген Кризисти башкаруу демилгеси деп аталган эл аралык мекеме билдирди.
Индонезия өкмөтү топон суудан катуу зыян тарткан Ачех провинциясында жикчилерге каршы чабуулдар бүгүндөн тартып токтотулганын жарыя кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG