Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Иран парламенти экономисттердин сөзүнө кулак салабы?


Ирандык таанымал 15 экономист консервативдүү динзарлар үстөмдүк кылган парламенттин ишмердүүлүгү журтту туңгуюкка алып барып такаарын эскертишти.
Студенттердин ИСНА жаңылыктар агенттиги жарыялаган илимпоздордун ачык катында парламенттин “инфляциянын деңгээлин ашыкча контролдоосу” экономикага узак жылдар оңолгус зыян алып келет деп айтылат.
Ай башында Иран парламенти инфляцияны төмөнкү деңгээлде кармоо үчүн күйүүчү майлардын, суу, электр кубаты, почта кызматынын баасын туруктуу кармоо жөнүндө мыйзам кабыл алган.
Илимпоздор бензиндин баасын казынанын эсебинен арзан сатуудан өкмөттүн чыгымы көбөйүп, айлана чөйрө ашыкча көп булганат деп эсептшет.

XS
SM
MD
LG