Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:36

Иракта түрдүү чабуулдардан 9 киши, анын ичинде бир аскер набыт болду


Багдаддын түндүк бөлүгүндө болгон бомба чабуулунда ирактык алты жаран, анын ичинде бир аял ээрчиткен баласы менен кошо курман болду.
Түндүктөгү Байжи шаарында жолго коюлган бомба мунай окуу жайынын үч окутуучусунун өмүрүн алды.
Тикрит шаарынын ныптасындагы Туз Кумары кыштагында куралчан адамдар үйүнө кирип бараткан ирактык жоокерди атып өлтүрүштү.
Самарра шаарынын түндүгүндө козголоңчулардын чабуулунан ирактык үч аскер жарадар болду.

Түштүктөгү Насирия шаарчасындагы ооруканада чыккан өрттөн 12 киши каза тапты.

АКШ армиясы ишемби күнү түндүктөгү Мосул шаарында болгон аткылашууда америкалык бир жоокер окко учканын билдирди. Мунун менен Ирак согушунда өлгөн америкалык аскерлердин саны 1366га жетти.

Кытайдын Багдаддагы элчилиги барымтадан кытайлык сегиз жаран бошотулганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG