Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

ИРАК: ШАЙЛООНУ УТУРЛАЙ КООПСУЗДУКТУ ЧЫҢДОО АРАКЕТИ КӨРҮЛҮҮДӨ


Улан Эшматов, Прага. Ирактын бийликтери келерки жекшембидеги шайлоо алдында коопсуздук чараларын күчөтүү аракетин көрүүдө. Шайлоону утурлай башкалаа Багдаддагы эл аралык аэропорт жабылат. Бир катар шаарларда коменданттык саат киргизилмекчи. Атуулдардын бир дубандан экинчисине каттоосуна тыюу салынат. Шайлоо күнү жардырууларды алдын алуу максатында автомобилдердин кыймылы чектелмекчи. Ирактын коңшу өлкөлөр менен чек арасы да жабылат. Мунун аралыгында "ал-Каида" менен байланышы бар, теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркави Интернеттеги кайрылуусунда сунни мусулмандарын кол салууларды уюштуруп, шайлоону үзгүлтүккө учуратууга үндөдү.

Улуттар уюмунун Иракта шайлоону уюштурууга жардамдашып жаткан тобунун башчысы Карлос Валенсуела шайлоо алдында көрүлүүчү коопсуздук чаралары добуш берүүнүн ийгилик менен аякташына жардам берет деп үмүттөнөт, бирок ал өлкөдө азыр жагдай ойдогудай эмес экенин моюнга алды:

-Шайлоо өткөрүү үчүн шарт жакшы эмес жана идеалдуулуктан кыйла алыс. Бирок, коопсуздук чаралары чындап таасири берсе, бизде шайлоону ийгиликтүү, жыйынтыгы ишенимдүү жана мыйзамдуу деп кабыл алынгыдай кылып өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Мен ушундай болот деп үмүттөнөм.

БУУнун өкүлү ошондой эле Иракта орун алып жаткан терракттар жергиликтүү шайлоо комиссияларынын ишине терс кесепетин тийгизип жатканын жана бул көрүнүш калкты шайлоо бекеттерине келүүдөн чоочутушу мүмкүн экенин кошумчалады:

-Эң чоң коркунуч коопсуздук экени түшүнүктүү. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү деңгээлде көп иш жүргүзүүсү абзел жана адамдар өтө оор шарттарда иштеп жатат. Андыктан балким ушул биздин эң чоң тынчыздануубуз. Албетте анан шайлоочуларга карата коркутуунун деңгээли алардын катышуусуна терс таасирин тийгизиши ыктымал.

Өлкөнүн ички иштер министри Фалах ал-Накиб башкалаа Багдаддын эл аралык аэропортунун иши шайлоо алдында үч күнгө токтотулары, кээ бир шаараларда коменданттык саат киргизилээри, атуулдардын бир облустан экинчиге каттоосуна тыюу салынары, шайлоо күнү бомба жардырууларын алдын алуу максатында автоунаалардын кыймылы да чектелерин ишембиде жарыяланды. Миналанган автоунаалар Иракта көптөн бери терракт жасоонун бирден - бир жолу катары пайдаланылып жүрөт..

Мунун аралыгында Интернет аркылуу "ал-Каида" менен байланышы бар согушкер Абу Муса ал-Заркавиники делген аудиотасма таратылды. Анда теги иорданиялык согушкер сунни мусулмандарын шайлоого каршы "аеосуз согуш" ачууга чакырат. Кайрылуу ээси шайлооону АКШ жана шийит мусулмандары тарабынан суннилерге каршы уюштурулган төңкөрүш катары баалаган.

Америкалык жана ирактык расмий өкүлдөр ошол ал-Заркави кайда экендиги жөнүндөгү суроолорго жооп берүүдөн баш тартып келишүүдө. Ишембиде Багдаддагы басма сөз жыйында Ирактын ички иштер министри Фалах ал-Накиб ал-Заркави алар тарабынан камакка алынган деген ушак –айың кептерди комментарийлөөдөн баш тартты:


-Мен азырка тапта муну комментарийлөөнү каалабайм. Бизге байкап турууга мүмкүндүк бергиле. Балким алдыдагы бир нече күндүн аралыгында биз комментарий жасайбыз.

Абу Мусаб ал - Заркавинин тобу Иракта америкалык аскерлерге, ирактык расмий жана жөн -жай адамдарга каршы жасалган бир катар кол салууларга, уурдап кетүүлөргө, бир нече чет элдиктин башы алынышына жоопкер болгон эле. Сунни козголоңчулары шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында кол салууларын азыркыга чейин күчөтүшкөн.

Бирок алдыдагы шайлоодо шйиттердин эң көп добуш алары күтүлүп жаткан саясий биримдигинин тизмесиндеги башкы талапкер, Ирак Ислам революциясынын Жогорку кеңеши деген уюмдун баш катчысы Абдел Азиз ал-Хакимдин ишенимде, Иракта граждандык согуш болбойт, Заркавинин сунниттер менен шийиттерди кайраштыруу аракетинен майнап чыкпайт.

Келерки жекшембиде ирактыктар 275 орундан турган Улуттук асссамблеянын, облустук кеңештердин курамын шайлашат. Ал эми буга кошумча Ирактын түндүгүндө күрддөр көзөмөлдөгөн аймагы өз парламентин шайламакчы.
Шайлоочулар жеке талапкерлерге эмес, саясий партиялар үчүн добуш берет.

Шайлоого жалпысынан саясий партиялардын 9 коалициясы жана 75 партия катышууда. 275 орундуу парламент үчүн алардын тизмесинде 7700дөй талапкер бар. Ирактын өзүндө добуш берүүгө укуктуулапрдын саны 14 миллиондой.

Мындан сырткары чет өлкөлөрдө да добуш берүүгө укуктуу 1 миллион 200 миңдей ирактык бар деп эсептелет. Чет өлкөлөрдөгү ирактыктарды шайлоого катышуусун уюштуруу менен Эл аралык миграция уюму алектенүүдө. Аталган уюм тыштагы ирактыктарды каттоонун мөөнөтүн эки күнгө, алдыдагы шейшембиге чейин узартты.

XS
SM
MD
LG