Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

ВИКТОР ЮЩЕНКО ПРЕЗИДЕНТТИК АНТ БЕРДИ


Жаңыл Жусупжан, Прага 23-январда Киевде Украинанын жаңы шайланган президенти ант берип, кызматына ырасмий киришти. Виктор Ющенко ант берип жатканда парламенттин сыртында миңдеген киши чогулуп, музыка ойнолуп, шаң-шарапат жаңырып турду.

Украинанын парламенти - Верховны Радада 23-январда өткөн салтанатка 60тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү, көптөгөн президенттер жана премьер-министрлер, АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэл жана Чех жумуриятынын мурдагы президенти Вацлав Гавел катышты. Виктор Ющенко колун Инжил менен Конституцияга коюп туруп, минтип сүйлөдү:

- Meн, элдин каалоосу менен Украинанын президенти болуп шайланган Виктор Ющенко, Украинага кызмат кылууга, Украинанын суверендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого, Украин жергесинин аманчылыгына кам көрүп, Украинанын конституциясына жана мыйзамдарына жараша атуулдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, милдеттеримди бардык мекендеш атуулдардын кызыкчылыгында аткарууга, Украинанын дүйнөдөгү кадыр-баркын көтөрмөлөөгө салттанатуу ант берем.

Ющенкону эл алдына Верховны Раданын төрагасы Володымыр Лытвын алып чыкты. Ющенко ант бергенден кийин, Лытвын жаңы президенттин ишке киришкени менен куттуктады:

-Бардык мыйзамдык талаптар аткарылгандан кийин биз украин эли менен бирдикте Виктор Андреевич Ющенконун ант берип, Украин президентинин кызматына келиши менен куттуктайбыз.

Өз сөзүндө Виктор Ющенко шайлоо учурунда жаатташкан элди биримдикке, ынтымакка чакырды жана өзүнүн жеңишин украин эли үчүн демократиянын жеңиши болуп калганын белгиледи.

Рададагы салтанаттан кийин Ющенко парламенттен Марьинский атындагы президенттик сарайдын алдында Украин армиясынын башчысы катары жупуну аскердик салтанатка катышты. Кийин ал майрамдык маанайдагы жүз миңдеген киши жарданып күтүп турган эгемендүүлүк майданына келди.

Жекшембидеги салтанат Украинада бейпил мүнөздөгү массалык толкундоолордун жыйынтыгы болуп калды. "Саргылт ыңкылап" деген ат менен тарыхка кирген бул окуялардын жүрүшүндө ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, өткөн айдын соңундагы жаңы айлампаны оппозиция лидери Виктор Ющенко жеңип алды.

Ющенко үчүн добуш берген атуулдар ал коррупциянын тамырын кыйып, мыйзамдуулукту күч алдырат жана адам укуктарынын сакталышына салым кошот деп үмүттөнүшүүдө.

Ющенко ошондой эле Украинаны Батыш менен жууктатууга сөз берген. Бирок жаңы президент чү дегенде эле Москвага барганы турат. Анын Орусия сапары келерки аптага пландаштырылган.

Ющенко өз шайлоочуларына Орусия менен алакаларды тең укуктуулуктун негизинде, өлкөнүн Европа Биримдигине жана НАТОго кошулуу ниетине зыян келтирбестен курууга убада кылган.

XS
SM
MD
LG