Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

АНАЛИТИКТИН КӨЗ КАРАШЫ: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСИЙ КЛИМАТ КОШУНА КАЗАКСТАНДЫКЫНАН ЛИБЕРАЛДУУ


Айнура Жекше кызы, Прага. Батыш постсоветтик Борбор Азияда Казакстан менен Кыргызстан демократиялык нукта өнүгөт деп үмүттөнгөн эле. Эки жумуриятта тең оппозициядагы саясий партиялар, эркин гезиттер пайда болгон. Эл нааразылык билдирип, көчөлөргө чыга алчу. Өткөн аптадагы окуялар бул кошуна өлкөлөрдөгү азыркы абал бири биринен канчалык айырмаланып тургандыгын даана көргөздү. Анын себептери жөнүндө Азаттыктын кабарчысы Брюс Панье Лондондук аналитик Бхавна Давэ айым менен маектешкен.

Бишкектеги эски аянтта бир нече күндөн бери пикет уланып жатат.
Мурдагы элчилердин парламенттик шайлоого талапкерлигин коюу укугу чектелди деп эсептеген эл, нааразылыгын билдирип көчөгө чыкты.
Дүйшөмбүдө болсо Алматы шаарында Казакстандын ири оппозициялык партиясына тыюу салуу аракети көрүлдү. Бирок ал күнү Алматынын көчөлөрүндө ары бери өткөн машиналардын үнү эле угулуп турду.

“Бул эки мисал кошуна жумурияттардагы саясий климат бири биринен канчалык айрмаланып тургандыгын далилдейт,” - деп жазат Азаттыктын кабарчысы Брюс Панье.
Казакстандын “Демократиялык тандоо партиясы” жабылуу коркунучуна кабылган кезде, эмне үчүн эл аны коргоп, көчөлөргө чыккан жок? Ушундай суроо менен кабарчыбыз Лондондогу Чыгыш жана Африка таануу институтунун окутуучусу доктор Бхавна Давэге кайрылды:

1995-жылы Казакстанда жаңы конституциянын кабыл алынышы менен, демократиялык процесстерден чегинүү, бийликтин президенттин колуна топтолушу башталды.

Ошол жылдан тарта жумуриятта жарандардын демонстрацияга чыгуу укугуна кыйла чектөө киргизилген. Нааразылык акцияларды уюштуруу үчүн бийликти алдын ала кабардар кылып, уруксатын алыш керек. Акция өкмөткө каршы багытталган же оппозицияны коргогон болсо андай уруксат адатта берилбейт.

Кыргызстанда болсо жагдай башкача деп улантат Давэ айым:

Менимче, Кыргызстанда катардагы эл жарандык актвидүүлүгү менен айырмаланат. Жалгыз Бишкекте гана эмес, өлкөнүн түштүгүндө да элдер саясий процесстерге катышып турушат. Анын үстүнө бейөкмөт уюмдар жарандык, шайлоо укуктарына байланышкан маселелерде активдүү роль ойнойт.

Дагы бир фактор - Кыргызстандын аймагынын чакандыгы.

Казакстан болсо чоң мамлекет. Демек, кандайдыр бир акция уюштуруп, аны координациялаш үчүн көп аракет жумшаш керек.

Давэ айым парадоксалдуу бир нерсени белгилейт. Казакстан авторитаризмге көбүрөөк ыктаганы менен, ал жерде социалдык нааразылыктар аз болот. Анткени элдин жашоо стандарты жогору. Кыргызстандын калкы болсо алда канча жакырыраак.

Кыргызстандын экономикалык абалын алсак, калк абдан нааразы. Казакстандын көпчүлүк шаарларында болсо орто класстын өкүлдөрү мунайдан түшүп жаткан кирешеге жалпысынан курсант экенин айтышат.

Кыргызстандагы саясий климат канчага чейин либералдуу бойдон кала берээрин алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоо көргөзөт.
XS
SM
MD
LG