Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:29

САЯСИЙ КЫЙМЫЛДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ СОТТОЛО БАШТАДЫ


24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова менен саясий кеңештин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге каршы ачылган административдик ишти кароого киришти. Сотко күбө катары келген Роза Отунбаева да соттун чакыруу кагазын алды.

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү «Кыргызстан элдик кыймылынын» төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова менен Топчубек Тургуналиевге каршы административдик иш козгоп, аны 20-январда райондун сотуна берген. Анда Болжурова менен Тургуналиевге Административдик Кодекстин 247-, 371- жана 392–беренелерине ылайык административдик иш козголуп, аларга жолдо жүрүү эрежесин бузган, тартип коргоо кызматкерлерине баш ийбей койгон жана уруксат берилбеген митинг, жөө жүрүшкө чыгып, атуулдардын коопсуздугуна коркунуч келтирген деген айып коюлган.

Сот ал иштерди 24-январда кароого киришип, Топчубек Тургуналиевдин ишин кароону 25-январга калтырды. Буга Тургуналиевдин адвокаты Токторбек Ашыркул уулунун 37 баракка жазылган иш менен өзүнүн жана күбөлөрдүн толук таанышуусу үчүн убакыт сураганы себеп болду. Андан тышкары Топчубек Тургуналиев өзүнүн административдик тартип бузгандыгы жөнүндө рапорт жазган милициянын 24 кызматкери менен түшүнүк кат жазган үч күбөнү сотко толук катыштырууну соттон талап кылды.

Ал эми Ишенгүл Болжурованын ишин караган судья Кубанычбек Сулайманов адегенде Ишенгүл Болжурова тараптан барган жети күбөнүн жана тартипке чакырууну талап кылып билдирүү жазган милиционерлер менен түшүнүк кат жазган үч күбөнүн көрсөтмөлөрүн укту.

Ишенгүл Болжурованын күбөлөрү тартип коргоо кызматкерлери жазгандай экс-министр митинг уюштурган эмес, жөө жүрүш маалында жол тосулган эмес жана митингди уюштурган жок деп билдиришти.

Түшүнүк кат жазган үч атуул болсо жөө жүрүштү карап турушканда эки милиционер келип, түшүнүк кат жазууну өтүнүшкөндө жазып беришкендигин кабарлашты.

Бирок өздөрү түшүнүк каттарында жазгандай көз айнекчен аял ким экендигин тактап бере алышкан жок. Алардын бири Вячелав Кравцов ошол кезде кызуу жүргөндүктөн милициянын каарына калбайын деп түшүнүк катты бир эмес, үч жолу жазып бергендигин билдирди:

- Милициянын эки сержанты келип «көргөнүңдү жазып бер» деп суранышты. Мен жазып бердим. Чынымды айтайын, мен бир аз кызымтал болчумун. Ошон үчүн бийликтин өкүлдөрү менен кыжылдашканды каалаган жокмун.

Күбө В.Кравцов андан тышкары анын коопсуздугуна жөө жүрүш эч кандай коркунуч пайда кылбагандыгын:

-Жок, эч кандай коркунуч болгон жок. Адам укугун басмырлоо да болгон жок,- деп билдирди.

Ал эми жөө жүрүшкө катышкан адамдардын санын, жөө жүрүшчүлөр баскан көчөлөрдү жана убакытты чаташтырып көрсөтмө берген милиционерлер тартип коргоо органдарынын же райондук бийликтин өкүлдөрүнүн кимиси Ишенгүл Болжуровага барып «уруксат берилбеген митинг, жөө жүрүш жасап мыйзамды бузуп жатасыңар» деп эскерткендигин так айтып бере алышпай, райондук ички иштер бөлүм башчысынын орун басары Аскат Султаналиев эскертти деп билдиришти.

Аскат Султаналиев болсо өзү Болжурованы тыйбаганын, ага кайрылбагандыгын, бирок ал жүрүштүн алдында жүргөндөн кийин уюштуруучу деп эсептесе боло тургандыгын айтты:

- Болжурованын жеке өзүнө эч кандай эскертүү берилген эмес. Биз жөө жүрүштөгүлөрдүн баарына чогуу эскерткенбиз. Мен эле эмес, ички иштер бөлүмүнүн башчысы да эскертти, бирок алар эч кимди укпай эле кете беришти. Эгер Болжурова жөө жүрүштүн башында бараткандан кийин аны уюштуруучу деп эсептөөгө болот да…

А.Султаналиев экс-министрдин митинг, өө жүрүштү уюштуруучу экендигин жүрүш тартылган видеотасма далилдээрин да кабарлады. Ушундан улам Ишенгүл Болжурованын жактоочусу Татьяна Иванова сотко ошол видеотасманы алып келип көрсөтүүнү, билдирүү жазган милиционерлердин ар бири сотто көрсөтмө берүүсүн талап кылды.

Сот экинчи өтүнүчтү четке кагып, видеотасманы алып келүүгө ички иштер бөлүм кызматкерлерин милдеттендирди жана ишти кароо 26-январда уланаарын жарыя кылды.

Ишенгүл Болжурова сотто айтылган айыптарды мойнуна албай, аны саясий буйрук менен жасалган иш деп баалады:

- Бул саясий иш. Ошондуктан, түшүнүк каттардын баары чаташтырылып, туура эмес жазылган. Бул балдарда деле күнөө жок. Анткени ушул адамдарга иш козгогула деп буйрук берилген. Алар ошол буйрукту гана ишке ашырып жатышат.

Ушул күнү сотко күбө катары барган Роза Отунбаевага соттун катчысы чакыруу кагазын тапшырып, ага ачылган административдик иш 25-январда каралаарын кабарлады. Өзүнө иш ачылгандыгын биринчи жолу уккан Роза Отунбаева:

- Мына азыр мага чакыруу берип жатат. Абдан бактылуумун, себеби өмүрүмдө биринчи жолу соттун чакыруусун алып жатам. Атуулдардын өз укугун коргоо аракетине карата биздин сот менен бийликтин мамилеси ушундай экен,- деп таң калгандыгын жашырган жок.

Роза Отунбаева иш менен таанышкандан кийин ал деле И.Болжурова менен Т.Тургуналиевге иш козгоого негиз болгон түшүнүк кат ээлери Вячеслав Кравцов, Азамат Байсеитов, М.Саманчиев деген атуулдардын түшүнүк каты жана ондон ашык милиционердин билдирүүсүнүн негизинде түзүлгөндүгү маалым болду.

Экс-тышкы иштер министрине деле уруксаат берилбеген митинг, жүрүш уюштуруп, коомдук тартипти бузган жана тартип коргоо орган өкүлдөрүнө баш ийбей койгон деген кине коюлган. Биринчи Май райондук сот аны 25-январда карайт.

XS
SM
MD
LG